Орловка шаардык кеңешинин «Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
ОРЛОВКА ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХVIII чакырылышынын ХХVIII кезектеги сессиясы 2024-жылдын 31-январы № 143/28-28 Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2024-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин 1 жана 3 пункттарына ылайык, Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин төрагасы – Д.С.Сарбаевдин жана бухгалтери – Г.Ф.Курносованын маалыматын угуп жана талкуулап, жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Орловка шаарынын кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин 2023-жылда бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету эске алынсын. ( №1 тиркеме).
2. 2024-жылга Орловка шаарынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Жайыт комитетинин бюджети бекитилсин. (№2 тиркеме)
3. Малды жаюу боюнча мурда бекитилген тарифтер өзгөрүүсүз калтырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы - Б.М.Шакировго жана Орловка шаарынын кеңешинин бюджет менен финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы – Т.Э.Асанбековго жүктөлсүн.
Төрага
М.И.Токтакунов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон