20-берене. Сөөк коюлуучу жайларды (көрүстөндү) пайдаланууга жана карап-күтүүгө карата талаптар
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 3-глава
1. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү санитардык жана экологиялык талаптарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Сөөк коюлуучу жайлардын абалын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө жана экологиялык контролдоо санитардык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Сөөк коюлуучу жайлардын айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна жагымсыз таасир этүү фактыларын аныктоо үчүн санитардык жана экологиялык мониторинг жүргүзүү тутуму түзүлөт. Санитардык жана экологиялык мониторинг жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Сөөк коюлуучу жайларды карап-күтүүгө, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттерине карата санитардык жана экологиялык талаптар бузулганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сөөктү коюу боюнча ишти токтотуп турууга же токтотууга жана жол берилген бузууларды жок кылуу жана сөөк коюлуучу жайдын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө, тарыхый-маданий мурас объекттерине жагымсыз таасирин жоюу боюнча, ошондой эле сөөк коюлуучу жаңы жайды түзүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002783/st-20" title="20-берене - Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>