19-берене. Сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга карата санитардык талаптар
Күчүндө · 03.08.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2026 года № 139
1. Сөөк коюлуучу жайларды жайгаштырууга карата санитардык талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Көрүстөндөрдү төмөнкүлөрдүн аймактарында жайгаштырууга тыюу салынат:
1) суу менен камсыздоо булагынын, минералдык булактын санитардык коргоо зонасынын биринчи жана экинчи алкагынын, курорттун санитардык (тоолуу-санитардык) коргоо округунун биринчи зонасынын;
2) карсталган, жаракасы көп тектер жердин үстүнө чыккан жерлердин жана суу горизонттору чыккан жерлердин;
3) калктуу конушка карама-каршы жайгашкан тарапка жантайыңкы жердин;
4) 1,5 метр тереңдикке кургак көпшөк кыртышы (кум аралаш, кумдуу) болбогон жана 6-18 пайыздан ашпаган нымдуу кыртыштуу жердин;
5) көлдөрдүн, дарыялардын жана калк тарабынан чарба-тиричилик муктаждыктары, сууга түшүү жана маданий-саламаттыкты чыңдоо үчүн пайдаланылуучу башка ачык көлмөлөрдүн жээктеринин;
6) алар бийик турганда жер кыртышындагы суунун деңгээли жердин үстүнкү кыртышынан 2,5 метрден кем болгон, ошондой эле суу каптоочу, көчкү жүрүүгө жана урандыга кабылуучу, саздак жерлердин.
3. Көрүстөн үчүн жер участогунун өлчөмү конкреттүү калктуу конуштун тургундарынын санын эсепке алуу менен аныкталат, бирок 40 гектардан ашык боло албайт. Мында ошол региондогу калктын санынын келечектүү өсүшү, каза болуулардын коэффициенти, маркумду узатуу ишинин маселелери боюнча адистештирилген кызматтардын болушу, ырым-жырымдарына, дин тутуусуна, бир адамды көмүүгө жер участогунун ченемине жараша сөөктү көмүү ыкмасы эске алынат.
Каза болгон (курман болгон) бир адамдын сөөгүн жайга коюу үчүн көрүстөндүн аймагында бекер берилүүчү жер участогунун аянты сөөктү табытка салып көмүү үчүн беш чарчы метр, сөөктү мусулман тибиндеги казанактуу мүрзөгө көмүү үчүн он чарчы метр өлчөмүндө белгиленет. Мүрзөлөрдүн участокторунун ортосундагы аралык 0,5 метрден кем эмес, ал эми кыска тараптары 0,5 метрден кем эмес болууга тийиш. Көрүстөндүн аймагы мүрзөлөрдүн катарына бөлүнүшү жана автомобиль транспорту үчүн кирүү жолдору жана мүрзөгө жөө киши бара турган аяк жолдору бар участоктордон турушу керек.
4. Сөөктөр аралаш жана салттуу көмүлгөн көрүстөндөрдү, жабык көрүстөндөрдү, мемориалдык комплекстерди жайгаштыруу үчүн санитардык-коргоочу зона Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 03.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 3 августа 2026 года № 139 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О погребении и похоронном деле"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каптоочу, көчкү жүрүүгө жана урандыга кабылуучу, саздак жерлердин.
алынып салынды: Жер кыртышындагы суунун деңгээли жердин үстүнкү кыртышынан 2,5 метрден кем болгон учурда жердин участогу маркумдардын күлдөрү салынган карапалар коюлуучу көрүстөндөрдү жайгаштыруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
3. Көрүстөн үчүн жер участогунун өлчөмү конкреттүү калктуу конуштун … салттуу көмүлгөн көрүстөндөрдү, жабык көрүстөндөрдү, мемориалдык алынып салынды: комплекстерди, крематорийди, колумбарийди жана аза күтүү дубалдарын кошулду: комплекстерди жайгаштыруу үчүн санитардык-коргоочу зона Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 3-августундагы № 139 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002783/st-19" title="19-берене - Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>