1-берене
Күчүндө · 02.04.2010 редакциясы
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., N 7, 100-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 6-статьяда:
1-бөлүгүндөгү "үч" деген сөз "төрт" деген сөзгө алмаштырылсын; "айлык" деген сөз алып салынсын; 2-бөлүгүндөгү "айлык" деген сөз алып салынсын.
2. 7-статьядагы "райондук коэффициент жана айлык акыга карата проценттик кошумча акы төлөө" деген сөздөр "эмгек акыга райондук коэффициент жана кызматтык маянага пайыздык үстөк акы төлөө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 8-статья күчүн жоготту деп табылсын.
4. 11-статьяда:
статьянын аталышындагы "Айлык акыга" деген сөздөр "Кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүгүндөгү "айлык акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндөгү "30" деген цифра жана "айлык акыга" деген сөздөр тиешелүү түрдө "28" деген цифрага жана "кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 12-статьяда: статьянын аталышындагы "Айлык акыга" деген сөздөр "Кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"Айлык акыга" деген сөздөр "Кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 13-статьядагы "24 жумушчу" деген сөздөр "28 календардык" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-статья. Кошумча өргүүгө чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүдөн башка, ар жылы кошумча акы төлөнүүчү өргүү берилет, анын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет. Өргүүнүн жалпы узактыгы негизги жана кошумча өргүүлөрдүн суммасын кошуу жолу менен аныкталат.".
Берененин тексти 02.04.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002750/st-1" title="1-берене - Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>