3-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · 1-глава
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынанегизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эрежелерин (ченемдерин) сактабоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинежана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык куугунтукталат.
3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды камтыган дары каражаттарын жүгүртүүгө да жайылтылат.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002580/st-3" title="3-берене - Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>