15-берене. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин мамлекеттик реестри
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · 3-глава
1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте төмөнкүлөрдүн реестрлери (маалыматтар базасы) түзүлөт жана жүргүзүлөт:
1) баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин;
2) лицензиялардын жана уруксаттардын.
2. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
3. Лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлеринин бир катар маалыматтарына жеткиликтүү болуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте чектелиши мүмкүн.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002580/st-15" title="15-берене - Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>