14-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү эсепке алуу жана инвентаризациялоо
Күчүндө · 06.03.2024 редакциясы · 3-глава
1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүүнүн субъекттери алардын кыймылы жөнүндө маалыматтарды чогултууну, каттоону жана жалпылоону жүзөгө ашырууга, квартал сайын инвентаризациялоону жүргүзүүгө милдеттүү.
2. Тизмекте көрсөтүлгөн заттардын белгилүү бир датага карата эсепке алуу маалыматтары менен иш жүзүндөгү айырмачылыгы болгон учурда, инвентаризациялоонун жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген мөөнөттө саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө маалымдалат.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002580/st-14" title="14-берене - Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>