Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-берене. Коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 августа 2024 года № 163
1. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу;
2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүүдө коомдун саламаттыгын сактоону өнүктүрүү, оорулардын алдын алуу жана ден соолукту чыңдоо, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын таркап кетүүсүн жана алардын кесепеттерин азайтууну башкаруу боюнча мамлекеттик, максаттуу жана региондук программаларды ишке ашырууну камсыз кылуу;
3) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын макулдашылган ишин жана алардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;
4) мезгил-мезгили менен медициналык кароолорду жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүү маселелери боюнча менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) коомдун саламаттыгын сактоонун жана калк үчүн саламаттык сактоо уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн инфратүзүмдүк жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн инженердик, коммуналдык жана телекоммуникациялык инфратүзүмдү түзүү жана өнүктүрүү;
7) мамлекеттик коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына акысыз негизде муниципалдык менчикти берүү;
8) сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана калк арасында оорулардын тобокелдик факторлорун азайтуу, жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, жугуштуу оорулардын өзгөчө кооптуу түрлөрү жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
9) алгачкы медициналык-санитардык жардамды, санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чараларды жана вакцинациялоону уюштуруу маселелери боюнча калк арасында маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин өткөрүү;
10) ыкчам биргелешкен чечимдерди кабыл алуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга учурдагы кырдаал жөнүндө маалымдоо;
11) коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
2. Тиешелүү аймакта коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүнү жана өнүктүрүүнү уюштуруу;
2) тиешелүү аймакта сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу, калкты санитардык-гигиеналык агартуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
3) санитардык-эпидемияга каршы (профилактикалык) иш-чаралардын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
4) карантиндик-чектөө чараларынын өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
5) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Тиешелүү аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ара аракеттенүүдө ден соолукту чыңдоо, сергек жашоо мүнөзүн өнүктүрүү, ошондой эле коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндө ден соолук үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү боюнча адамдын жана жарандын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн инженердик, коммуналдык, телекоммуникациялык инфратүзүмдү жана шарттарды түзөт жана өнүктүрөт.
(КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 августа 2024 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сферах бюджетного законодательства, здравоохранения и обязательного медицинского страхования"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…саламаттык сактоо уюмдары менен өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
5) алынып салынды: жергиликтүү бюджеттен каржылануучу коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) коомдун саламаттыгын сактоонун жана калк үчүн саламаттык сактоо … калк арасында маалыматтык жана түшүндүрүү иштерин өткөрүү;
10) алынып салынды: коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана кошулду: ыкчам биргелешкен алынып салынды: ыкчам чечимдерди кабыл алуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кошулду: учурдагы кырдаал жөнүндө маалымдоо;
11) коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын өнүктүрүү үчүн … өз учурунда өткөрүлүшүн камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
5) алынып салынды: мамлекеттик ыйгарым укуктарды белгиленген тартипте өткөрүп берүүдө коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү кызматтарды көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;
кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) алынып салынды: жергиликтүү бюджеттен каржылануучу коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү программалардын ишке ашырылышын контролдоо.
кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Тиешелүү аймактын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана … инфратүзүмдү жана шарттарды түзөт жана өнүктүрөт.
кошулду: (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002377/st-9" title="9-берене - 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>