Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
25-берене. АЖАны жана АИВден жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо
Күчүндө · 29.10.2025 редакциясы · 4-глава
1. АИВ жугузган күнгө карата 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштыруучу адамдарга) мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында медициналык жардам көрсөтүүдө АИВ жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт. Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес.
2. Майыптык белгиленген АЖА адамдарга майыптык боюнча пенсия, ал эми пенсия менен камсыз кылууга укугу жок болгондо, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык социалдык жөлөкпул дайындалат.
3. 14 жашка чейинки АЖА балдардын ата-энелеринин бири же болбосо аны иш жүзүндө багып жаткан адам эмгек мыйзамдарында, социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте эмгекке убактылуу жарамсыздык боюнча жөлөкпул төлөө менен стационарларда бирге болууга укуктуу.
Берененин тексти 29.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-декабрындагы № 679 "Мамлекеттик же муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД…Постановление · 15.12.2022 · № 679
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 "ВИЧ жана кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттер жаатындагы коомдук саламаттык сактоо жана…Постановление · 25.12.2024 · № 795
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230002377/st-25" title="25-берене - 10 Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>