Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы №57-нпа “Чайна Петроль Компани “Джунда” ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводдун объекттерин эксперименталдык долбоорлоо жана куруу жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ 2024-жылдын 29-январы № 66-нпа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы №57-нпа “Чайна Петроль Компани “Джунда” ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводдун объекттерин эксперименталдык долбоорлоо жана куруу жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Мамкурулуштун 2022-жылдын 18-ноябрындагы №57-нпа “Чайна Петроль Компани “Джунда” ЖЧК нефтини кайра иштетүүчү заводдун объекттерин эксперименталдык долбоорлоо жана куруу жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкү мазмундагы 11 пункту менен толукталсын: “11. Кытай Эл Республикасынын стандартын (КЭР) GB 50160-2008 “Нефтехимиялык ишканаларды өрткө каршы долбоорлоо боюнча стандарт” (2018-жылдагы басылышы) модернизациялоо мезгилинде “Чайна Петроль Компани “Джунда” ЖЧКнын мунайды кайра иштетүүчү заводуна гана колдонулуучу стандарты ишке киргизилсин.”
2. Мамкурулуштун Курулуш башкармалыгы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйруктун расмий жарыяланышы боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, аталган буйрукту жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары М.О. Молдомырзаевге жүктөлсүн.
Директор Н.К. Орунтаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 57-нпа "«Чайна…Приказ · 18.11.2022 · № 57-нпа
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык…Постановление · 25.06.2021 · № 44 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Шаар куруу жана архитектура жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1372-XII
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67