Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасындагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 22-февралы № 75 Кыргыз Республикасындагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Коомчулукту турак-жай секторунда, уюмдарда, мекемелерде жана ишканаларда өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча иштерге тартуу максатында, "Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 26-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) башчылары, уюмдардын жетекчилери жогоруда аталган Жобого так ылайыкта ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүн бардык жерде түзүү боюнча чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдардын жетекчилерине ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрүн түзүү жана алардын ишин уюштуруу боюнча зарыл болгон методикалык жардам көрсөтсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 19-декабрындагы № 858 "Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, уюмдарынын жана мекемелеринин ыктыярдуу өрткө каршы кошуундары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматына тиешелүү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 16 (3569) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 6 · байланышкандар: 0
Документке шилтеме берген актылар (6)
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрү тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат…Стандарт · 29.01.2024 · № 2-Д
- Кыргыз Республикасындагы ыктыярдуу өрт өчүрүү түзүмдөрү жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 75 токтомуна)Положение · 22.02.2024 · № 75
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2024-жылдын 30-майындагы № 2127-VII "Балдардын жашоо-тиричилигинин коопсуздугу жөнүндө" токтомуПостановление · 30.05.2024 · № 2127-VII
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик…Постановление · 03.04.2006 · № 219
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 1994 года N 858 "Об утверждении Положения о добровольных пожарных формированиях предприятий, организаций и учреждений Кыргызской…Постановление · 19.12.1994 · № 858 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о добровольных пожарных формированиях предприятий, организаций и учреждений Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 19…Положение · 19.12.1994 · № 858 · Күчүн жоготкон
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Өрт коопсуздугу жөнүндөЗакон · 13.12.2022 · № 118
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 219 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик…Постановление · 03.04.2006 · № 219
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 1994 года N 858 "Об утверждении Положения о добровольных пожарных формированиях предприятий, организаций и учреждений Кыргызской…Постановление · 19.12.1994 · № 858 · Күчүн жоготкон