41-берене. Аксакалдар соттору караган иштердин материалдарын сактоо
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 7-глава
1. Аксакалдар соту каралган иштердин (материалдардын) иш кагаздарын жана статистикасын жүргүзөт.
2. Аксакалдар сотторунун өндүрүшүнүн материалдары аксакалдар сотунун ыйгарым укуктары аяктаганга чейин сакталат.
Аксакалдар сотторунун иш кагаздарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик аксакалдар сотторунун төрагаларына жүктөлөт.
3. Укук коргоо органдарынын жана (алардын) кызмат адамдарынын талабы боюнча иш аларга колтамга койдуруу менен берилет. Каралган иштер боюнча маалыматтар жана маалымат жашыруун болуп саналат.
4. Аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктары аяктагандан кийин материалдар (иштер) сактоо үчүн архивдик иш маселелери боюнча мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органдарына өткөрүлүп берилет.
5. Аксакалдар соттору жыл сайын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына, Аксакалдар сотторунун кеңештерине статистикалык маалыматты берет.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-41" title="41-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>