40-берене. Аксакалдар сотторунун отчеттуулугу
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 7-глава
1. Аксакалдар соттору каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт.
2. Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө тиешелүү аймактагы жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет берет.
3. Аксакалдар соттору жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Аксакалдар сотторунун кеңешине (эгерде болсо) өзүнүн иши жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес маалымат берет.
4. Аксакалдар соттору өз иши жөнүндө маалыматты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сайтына мезгил-мезгили менен жарыялап турат.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
40-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-40" title="40-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>