Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
27-берене. Аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 3-глава
1. Эгерде аксакалдар сотунун мүчөсү талашып-тартышып жаткан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле аксакалдар сотунун мүчөсү иштин жыйынтыгына тикелей же кыйыр түрдө кызыкдар деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болгон учурда, ал ишти (материалды) кароого катышпайт.
2. Аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) ишке катышып жаткан жактардын арызы боюнча;
2) аксакалдар сотунун башка мүчөлөрүнүн арыздары боюнча;
3) аксакалдар сотунун мүчөсүнүн арызы боюнча (өзүн-өзү четтетүү).
Аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү (өзүн-өзү четтетүү) ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин жүйөлөштүрүлүүгө жана билдирилүүгө тийиш.
3. Аксакалдар соту аксакалдар сотунун мүчөсүн четтетүү же анын өзүн-өзү четтетүүсү жөнүндө арызды карап чыгат жана анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечим чыгарат.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-27" title="27-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>