26-берене. Процесске катышуучу адамдардын келүүсүн текшерүү жана алардын укуктарын түшүндүрүү
Күчүндө · 19.02.2024 редакциясы · 3-глава
1. Жыйналыш ачылгандан кийин төрагалык кылуучу аксакалдар сотуна чакырылган адамдардын келишкенин тастыктайт, процесстин тараптарына жана башка катышуучуларына алардын укуктарын түшүндүрөт, андан кийин аларда аксакалдар сотунун курамы боюнча четтетүү жана өтүнмөлөр бар-жогун, ал эми мүлктүк, үй-бүлөлүк, жарандык, турак жай, жер мамилелери боюнча талаш-тартыштар жагынан - алардын иштерин аксакалдар соту кароосуна тараптардын макулдугун аныктайт.
2. Аксакалдар сотунун жыйналышына катышып жаткан адамдар аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү, кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.
Берененин тексти 19.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001722/st-26" title="26-берене - Аксакалдар соттору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>