Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 „Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 сентября 2023 года № 501 "Об утверждении Правил оказания услуг подвижной радиотелефонной связи"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-09-22.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 15-январы № 20 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Байланыш жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Көчмө радиотелефон байланыш кызмат көрсөтүү эрежесинде:
- 3-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын: "туташтыруу учуру - байланыш операторунун тармагынын коммутаторунун авто-жооп бергичинен сырткары, абоненттин же башка кимдир бирөөнүн же абоненттик терминалдын жообу;"; он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "туташтыруу чеги - туташтыруу учурунан тартып эсептелген жана анын узактыгы 3 секунддан ашпаган же барабар болгон шартта тарифтелбеген убакыт аралыгы;";
- 59 жана 60-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"59. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер, телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү жана акы төлөөнүн тартиби оператор тарабынан тарифтик пландарда өз алдынча белгиленет. Тарифтик планда анын колдонуу мөөнөтү жана аймагы жөнүндө маалыматтар да көрсөтүлөт. Телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү 10 секунддан ашпашы керек, мында байланыш оператору өз тармагынын абоненттери үчүн эл аралык туташтыруудан сырткары, телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин секунд боюнча өлчөмү менен бир нече (экиден кем эмес) тарифтик пландын болуусун камсыз кылууга милдеттүү. Эл аралык туташтырууларга телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү байланыш операторлору тарабынан өз алдынча белгиленет. Мында телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин өлчөмү бир минутадан ашык болбошу керек, ал эми туташтыруу чеги эл аралык туташтырууларга карата колдонулбайт.
60. Туташтыруунун наркы байланыштыруу чегине жетпеген узактагы сүйлөшүүдөн сырткары, туташтыруу учурунан тартып туташтыруу ажыратылганга чейинки сүйлөшүүнүн узактыгына жараша (телефондук туташтыруунун тарифтик бирдигинин саны боюнча) аныкталат.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесиПравила · 17.02.2014 · № 97 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 22.09.23 ж. №501 токтомуПостановление · 22.09.2023 · № 501
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 501 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматтарын көрсөтүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.09.2023 · № 501
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-февралындагы № 97 "Көчмө радиотелефон байланыш кызматын көрсөтүү эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2014 · № 97 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон