2-берене
Күчүндө · 09.02.2024 редакциясы
1. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын өтөп жаткан жерге, камакта кармоочу же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келишсе, 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын ("Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу") 1-бөлүгүндө, 337-статьясында ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өзү билип таштап кетүү"), 360-статьясынын ("Аскерден качуу") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулсун.
2. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын өтөп жаткан жерге, камакта кармоочу же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келишсе, 2017-жылдын 2-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 349-беренесинин ("Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу") 1-бөлүгүндө, 350-беренесинде ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу"), 367-беренесинин ("Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү") 1-бөлүгүндө, 368-беренесинин ("Дезертирдик") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулсун.
3. Эгерде алар ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айдын ичинде жазасын өтөп жаткан жерге, камакта кармоочу же аскер кызматын өтөп жаткан жерге өз ыктыяры менен келишсе, 2021-жылдын 28-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 368-беренесинин ("Эркиндигинен ажыратуу жайларынан же кайтаруудан качуу") 1-бөлүгүндө, 369-беренесинде ("Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу"), 389-беренесинде ("Бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетүү"), 390-беренесинин ("Дезертирдик") 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасаган адамдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жазасынан бошотулсун.
Берененин тексти 09.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001389/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>