10-берене
Күчүндө · 09.02.2024 редакциясы
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана алты айдын ичинде аткарылууга тийиш.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 13-февралындагы № 12 (3565) саны менен жарыяланды.
Ушул Мыйзамды колдонуу жөнүндө маселе аны колдонуу үчүн каралган мөөнөттөр аяктагандан кийин келип чыккан учурларда (соттолгондун аракеттеринин юридикалык квалификациясы өзгөргөндүктөн), соттолгонго карата мунапыс берүү актысы көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин колдонулушу мүмкүн.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзөтүү мекемелеринен бошотулуп жаткан адамдарга Кыргыз Республикасынын Жаза аткаруу кодексинин 162 жана 163-беренелеринин талаптарына ылайык жардам берүүнү камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылсын жана аны ишке ашыруунун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымат берсин.
4. Жаза аткаруучу ыйгарым укуктуу орган жазасынын мөөнөттөрү ушул Мыйзамга ылайык кыскартылган адамдарга, алардын жаза мөөнөтүнүн жаңыдан эсептелиши жана жаза өтөө мөөнөтү аяктаган дата жөнүндө ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин үч айдын ичинде кол койдуруп алуу менен маалымат берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2024-жылдын 24-январында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Берененин тексти 09.02.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230001389/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>