Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 34 токтомуна)
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо боюнча негизги принциптерди жана ченемдерди аныктайт.
2. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде шарап материалдарынан жана мөмө-жемиш ширелеринен өндүрүлгөн жаш спиртти импорттоону, өндүрүүнү, сактоону жана берүүнү жүзөгө ашыруучу, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны импорттоону, өндүрүүнү, сактоону жана берүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга декларация берет.
3. Келерки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү көлөмдөрү жөнүндө болжолдуу маалыматтар этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Келерки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмдөрү боюнча декларацияда (FORM-146) берилген маалыматтардын жана ченемдердин негизинде иштелип чыгат.
4. Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга түшүндүрмө кат түрүндө берилүүчү, ишкананын ишине таасир эткен тиешелүү факторлор болгондо, Келерки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмдөрү боюнча декларацияда (FORM-146) юридикалык жак тарабынан берилген өндүрүүнүн болжолдуу жылдын планына салыштырмалуу этил спиртин жана алкоголдук продукцияны иш жүзүндө өндүрүүнүн көлөмүнөн 15 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет.
5. Декларациянын формасы көк же кара түстөгү сыяны пайдалануу менен кол менен толтурулат же принтерде басып чыгарылат. Декларацияны кагаздын эки тарабына басып чыгарууга жол берилбейт.
6. Декларацияда оңдоолордун болушуна жол берилбейт.
7. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны импорттоо, өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо декларациялардын төмөнкүдөй формаларын берүү аркылуу жүргүзүлөт:
1) Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM-144) (мындан ары - Декларация-144);
2) Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны иш жүзүндө өндүрүү жана сатуу көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM-145) (мындан ары - Декларация-145);
3) Келерки отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM-146) (мындан ары - Декларация-146);
4) Этил спиртинин жана алкоголдук продукцияны иш жүзүндө импорттоо жана сатуу көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM-147) (мындан ары - Декларация-147);
5) Ишканалар боюнча сатылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM-148) (мындан ары - Декларация-148);
6) Атайын керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM-149) (мындан ары - Декларация-149).
8. Көрсөткүчтөр жок болгон учурда, ушул Тартипте каралган учурларды кошпогондо, тиешелүү уячаларда "0" мааниси көрсөтүлөт.
9. Датаны камтыган декларациянын жана анын тиркемелеринин уячаларында "КК.АА.ЖЖЖЖ" (күн, ай жана жыл) форматындагы дата көрсөтүлөт. Мисалы: "01.01.2023".
10. Бардык нарктык көрсөткүчтөр декларацияларда миң сом менен көрсөтүлөт. Импорттолгон, өндүрүлгөн, сатылган этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын физикалык көлөмү декалитрде көрсөтүлөт.
11. Декларациянын төмөнкү бөлүгүндө декларацияга кол койгон адамдын толук аты-жөнү, ээлеген кызмат орду көрсөтүлөт, колу коюлат жана юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
12. Декларация этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга электрондук түрдө, кагаз жүзүндө колмо-кол берилиши же тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоосу менен заказдык кат менен почта аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.
13. Декларацияны колмо-кол тартипте же кабарлоосу менен тапшырык кат менен алганда этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы декларацияны алган датасы, декларацияны кабыл алган кызмат адамынын салык төлөөчүнүн идентификациялык номерин (мындан ары - СИН) менен уячаларды толтурат жана штамп коет.
14. Колмо-кол тартибинде берилгенде декларациялар эки нускада толтурулат: биринчи нускасы этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат, экинчи нускасы этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылып берилет жана анын сактоосунда калат.
15. Кабарлоосу менен заказдык кат менен почта аркылуу берилген учурда декларациялар этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эки нускада жиберилет: биринчи нускасы этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда калат, экинчи нускасы этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиси менен кабарлоосу менен заказдык кат менен юридикалык жакка жөнөтүлөт жана анда сактоодо калат. Заказдык каттын жеткирилгендиги жөнүндө почта байланышынын кабарлоосу декларациянын берилгендигинин ырастоосу болуп саналат.
2-глава
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM-144) берүү тартиби
16. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүүнү, сактоону жана берүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар Декларация-144тү этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 3үнөн кечиктирбестен берет.
17. Декларация-144түн "Уюм боюнча маалыматтар" 1-тиркемеси (FORM-144-001) жана "Обочолонгон бөлүмдөр боюнча маалыматтар" 2-тиркемеси (FORM -144-002) бар.
Мында "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү жөнүндө жалпы уюм боюнча маалымат" 1-тиркемеси (FORM-144-001) жана "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү жөнүндө обочолонгон бөлүм боюнча маалыматтар" 2-тиркемеси (FORM-144-002) обочолонгон бөлүм боюнча көрсөткүчтөр болгон учурда гана берилет. Эгерде юридикалык жакта тиркемелердин кайсы бирин толтуруу үчүн көрсөткүчтөр жок болсо, мындай тиркеме толтурулбайт жана этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилбейт. Декларация-144кө көрсөткүчтөрү бар тиркемелер гана тиркелет.
18. Декларация-144тү толтуруу толтурулган тиркемелерде көрсөтүлгөн маалыматтарды Декларация-144түн тиешелүү формаларына көчүрүүдөн башталат жана анын көрсөткүчтөрүн эсептөө менен аяктайт.
19. 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Декларация-144 календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгилинде отчет тапшырылып, бирок берилген такталган декларация-144тө оңдолгон кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, белги "такталган" уячасына коюлат. Такталган Декларация-144 этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен берилет.
20. Декларация-144түн уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 102-уячада он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган юридикалык жактын СИНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган аймактык салык органынын коду жана ушул салык органынын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУЖК коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада алты орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада иш жүзүндө юридикалык жак жайгашкан калктуу конуштун аталышы көрсөтүлөт (облус, шаар, район, айыл);
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн (кичи райондун) аталышы, үйдүн номери, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) декларация-144түн жана анын тиркемелеринин 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгилинин башталган датасы жана аяктаган датасы көрсөтүлөт. Мисалы, 2023-жылдын январь айы үчүн: "01.01.2023" жана "31.01.2023".
21. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация-144 берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү. 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
22. 1ден 17ге чейинки графаларга маалыматтарды киргизүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) продукциянын декларациялануучу түрү көрсөтүлөт;
3) Евразия экономикалык шериктештигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы (мындан ары - ТЭИ ТН) боюнча товардын он орундуу коду чагылдырылат;
4) продукцияда этил спиртинин камтылышы пайыздык катышта көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинин башталышына карата даяр продукциянын жана бүтпөгөн өндүрүштүн калдыктарынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
6) декларациялоо мезгилинде өндүрүлгөн даяр продукциянын жана бүтпөгөн өндүрүштүн физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
7) этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны кайтарып берген учурда декларациялоо мезгилинде кайтарылган продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
8) башка келип түшкөн продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык өндүрүлгөн жөнөтүлгөн продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
10) декларациялоо мезгилинде экспорттолгон алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
11) декларациялоо мезгилинде сатылган жана экспорттолгон алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
12) декларациялоо мезгилинде алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын декларациялануучу түрүн өндүрүүгө этил спиртин же башка чийки затты чыгымдоонун физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
13) сактоодо алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын өндүрүштүк жоготууларынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
14) ташууда алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын өндүрүштүк жоготууларынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
15) алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын башка чыгымдарынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
16) декларациялоо мезгилинин аягына карата алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
17) декларациялоо мезгилинин аягына карата акциздик маркалар менен маркаланган даяр алкоголдук продукциянын калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт.
23. Алкоголдук продукциянын бир нече түрү боюнча Декларация-144тү толтурууда 5-17-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
24. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана/же жүгүртүү боюнча маалыматтар болгон учурда обочолонгон бөлүм тарабынан алгач ирет башкы уюм боюнча өзүнчө "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү жөнүндө жалпы уюм боюнча маалымат" 1-тиркемеси (FORM-144-001), андан кийин обочолонгон бөлүм боюнча "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрү жөнүндө обочолонгон бөлүм боюнча маалыматтар" 2-тиркемеси (FORM-144-002) толтурулат, ал эми Декларация-144кө бардык бөлүмдөр жана башкы уюм боюнча жыйынтык маалыматтар киргизилет.
§ 1. "Уюм боюнча маалыматтар" декларациясынын 1-тиркемесин толтуруу тартиби (FORM-144-001)
25. "Уюм боюнча маалыматтар" Декларация-144түн (FORM-144-001) 1-тиркемесинин 102, 103, 104, 107, 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Декларация-144түн тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болууга тийиш.
26. 1ден 19га чейинки графаларга маалыматтарды киргизүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) алкоголдук жана спирт камтыган продукциянын декларациялануучу түрү көрсөтүлөт;
3) ТЭИ ТН боюнча товардын он орундуу коду көрсөтүлөт;
4) алкоголдук продукцияда этил спиртинин камтылышы пайыздык катышта көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинин башталышына карата даяр алкоголдук продукциянын калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
6) декларациялоо мезгилинде өндүрүлгөн даяр алкоголдук продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
7) алкоголдук продукция кайтарылган учурда декларациялоо мезгилинде кайтарылган даяр алкоголдук продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
8) даяр алкоголдук продукциянын башка келип түшкөн физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык чекене сатылган алкоголдук продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
10) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык дүң сатылган алкоголдук продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
11) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык бардык сатылган алкоголдук продукциялардын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
12) декларациялоо мезгилинде экспорттолгон алкоголдук продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
13) декларациялоо мезгилинде сатылган жана экспорттолгон алкоголдук продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
14) декларациялоо мезгилинде алкоголдук продукциянын декларациялануучу түрүн өндүрүүгө этил спиртинин же башка чийки заттын чыгымынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
15) сактоодо алкоголдук продукциянын өндүрүштүк жоготууларынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
16) ташуу учурунда алкоголдук продукциянын өндүрүштүк жоготууларынын көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
17) алкоголдук продукциянын башка чыгымдарынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
18) декларациялоо мезгилинин аягына карата алкоголдук продукциянын калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
19) декларациялоо мезгилинин аягына карата акциздик маркалар менен маркаланган даяр алкоголдук продукциянын калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт.
27. Алкоголдук продукциянын бир нече түрү боюнча Декларация-144тү толтурууда 5-19-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
§ 2. "Обочолонгон бөлүм боюнча маалыматтар" Декларация-144түн (FORM-144-002) 2-тиркемесин толтуруу тартиби
28. "Обочолонгон бөлүм боюнча маалыматтар" Декларация-144түн (FORM-144-002) 2-тиркемесинин уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 102-уячада он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган юридикалык жактын СИНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана ушул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУЖК коду көрсөтүлөт.
29. 2-тиркеменин 201 жана 202-уячаларында көрсөтүлгөн маалымат Декларация-144түн тиешелүү уячаларында көрсөтүлгөн маалыматка окшош болууга тийиш.
30. 1ден 19га чейинки графаларга маалыматтарды киргизүү обочолонгон бөлүм боюнча маалыматтарды көрсөтүү менен "Уюм боюнча маалыматтар" декларациясынын 1-тиркемесине (FORM-144-001) окшош жүргүзүлөт.
31. Алкоголдук продукциянын бир нече түрү боюнча Декларация-144тү толтурууда 5-19-графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
3-глава
Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны иш жүзүндө өндүрүү жана сатуу көлөмдөрү жөнүндө декларация (FORM-145) толтуруу тартиби
32. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде шарап материалдарынан жана мөмө-жемиш ширелеринен, алкоголдук жана спирт камтыган продукциялардан өндүрүлгөн жаш спиртти өндүрүүнү, сактоону жана берүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар Декларация-145ти этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 3үнен кечиктирбестен берет.
33. 001-уячада "X" түрүндөгү белги коюлат:
1) эгерде Декларация-145 календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгилинде отчет тапшырылып, бирок берилген такталган Декларация-145те оңдолгон кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, белги "такталган" уячасына коюлат. Такталган Декларация-145 этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен берилет.
34. Декларация-145тин уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 102-уячада он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган юридикалык жактын СИНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине же паспортуна ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча аймактык салык органынын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана аталган салык органынын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУЖК коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн алты орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн, кичи райондун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларация-145 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган дата жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы 2023-жылдын январь айы үчүн: "01.01.2023" жана "31.01.2023".
35. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация-145 берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү. 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
36. 1ден 11ге чейинки графаларда маалыматтарды толтуруу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) спирттин декларациялануучу түрү көрсөтүлөт;
3) декларациялоо мезгилинин башына карата өздүк наркы боюнча даяр продукциянын калдыктары акчалай (миң сом менен) түрдө көрсөтүлөт;
4) декларациялоо мезгилинин башына карата даяр продукциянын (спирттин) физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинде өздүк наркы боюнча даяр продукцияны өндүрүүнүн көлөмү акчалай (миң сом менен) түрдө көрсөтүлөт;
6) декларациялоо мезгилинде даяр продукцияны (спиртти) өндүрүүнүн физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
7) декларациялоо мезгилинде өздүк наркы боюнча сатылган даяр продукциянын суммасы акчалай (миң сом менен) түрдө көрсөтүлөт;
8) декларациялоо мезгилинде сатылган даяр продукциянын (спирттин) физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинин аягына карата өздүк наркы боюнча даяр продукциянын калдыгынын суммасы акчалай (миң сом менен) түрдө көрсөтүлөт;
10) декларациялоо мезгилинин аягына карата даяр продукциянын (спирттин) калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
11) отчеттук мезгил үчүн продукциянын декларациялануучу түрү боюнча төлөнгөн акциз салыгынын суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт.
37. Этил спиртинин бир нече түрүнүн Декларация - 145 толтурууда 3төн 11ге чейинки графалардын жалпы жыйынтык көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
4. Алдыдагы отчеттук жылга этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнүн болжолдонгон көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM-146) толтуруу тартиби
38. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде вино материалдарынан жана мөмө-жемиш ширелеринен өндүрүлгөн жаш спиртти өндүрүүнү, сактоону жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүүнү, сактоону жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар Декларация-146 этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга үстүдөгү жылдын 5-майына чейин (алдын ала) жана үстүдөгү жылдын 5-декабрына чейин (такталган) берет.
39. 001-уячада "X" белгиси түрүндө белги коюлат:
1) эгерде Декларация-146 календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгилинде отчет берилип, бирок берилген такталган Декларация-146 оңдолгон кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, белги "такталган" уячасына коюлат. Такталган Декларация-146 этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 5инен кечиктирбестен берилет.
40. Декларация-146 уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 102-уячада он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган юридикалык жактын СИНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине же паспортуна ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча салык органынын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана анын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУЖК коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн алты орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн (кичи райондун) аталышы, үйдүн, кеңсенин (батирдин) номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларация-146 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган дата жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы 2023-жылдын январь айы үчүн: "01.01.2023" жана "31.01.2023".
41. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация-146 берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү. 102-104 жана 107-уячалар боюнча маалыматтар ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
42. 1ден 10го чейинки графаларга маалыматтарды киргизүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) ишти жүзөгө ашыруунун иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт;
3) лицензияда көрсөтүлгөн иштин түрү көрсөтүлөт;
4) өндүрүү пландалып жаткан продукциянын түрү көрсөтүлөт;
5) ТЭИ ТН боюнча товардын он орундуу коду көрсөтүлөт;
6) ишкананын эсептик максималдуу жылдык өндүрүштүк кубаттуулугу (декалитрде) көрсөтүлөт;
7) өндүрүштүк кубаттуулукту пайдалануу коэффициенти көрсөтүлөт;
8) өндүрүштүк кубаттуулукту иш жүзүндө (декалитрде) пайдалануунун көлөмү; "(6-графанын мааниси) * (7-графанын мааниси)" формуласы боюнча эсептелет;
9) өткөн жылы өндүрүлгөн продукциянын иш жүзүндөгү көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
10) өндүрүлүүчү продукциянын алдыдагы жылга пландалган физикалык көлемү (декалитрде) көрсөтүлөт.
43. Продукциянын бир нече түрүнүн Декларация-146 толтурууда 9 жана 10-графалардын жалпы жыйынтык көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
5. Этил спиртинин жана алкоголдук продукциянын иш жүзүндө импорттолгон жана сатылган көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM-147) толтуруу тартиби
44. Чийки заттын бардык түрлөрүнөн өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде вино материалдарынан жана мөмө-жемиш ширелеринен өндүрүлгөн жаш спиртти импорттоону, сактоону жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу, ошондой эле алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүүнү, сактоону жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар Декларация-147 этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 3үнөн кечиктирбестен берет.
45. 001-уячада "X" белгиси түрүндө белги коюлат:
1) эгерде Декларация-147 календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгилинде отчет берилип, бирок берилген такталган Декларация-147 оңдолгон кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, белги "такталган" уячасына коюлат. Такталган Декларация-147 этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен берилет.
46. Декларация-147 уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 102-уячада он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган юридикалык жактын СИНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана аталган ыйгарым укуктуу органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУЖК коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн алты орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн (кичи райондун) аталышы, үйдүн, кеңсенин (батирдин) номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларация-147 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган дата жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы 2023-жылдын январь айы үчүн: "01.01.2023" жана "31.01.2023".
47. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация-147 берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү. 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
48. 1ден 13кө чейинки графаларга маалыматтарды киргизүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) алкоголдук продукциянын декларациялануучу түрү көрсөтүлөт;
3) ТЭИ ТН боюнча товардын он орундуу коду чагылдырылат;
4) импорттолуучу этил спиртин жана/же алкоголдук продукцияны Дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык классификаторуна МК (ИСО 3166) 004-97 (Россия Федерациясы - 643, Беларусь Республикасы - 112, Казакстан Республикасы - 398, Кыргыз Республикасы - 417, Армения Республикасы - 051) ылайык чыгарган өлкөнүн коду көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинин башына карата өздүк наркы боюнча этил спиртинин жанаУже алкоголдук продукциянын калдыгынын суммасы көрсөтүлөт (миң сом менен);
6) декларациялоо мезгилинин башына карата этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциянын калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
7) декларациялоо мезгилинде өздүк наркы боюнча импорттолгон этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциянын суммасы көрсөтүлөт (миң сом менен);
8) декларациялоо мезгилинде импорттолгон этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык өздүк наркы боюнча сатылган этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциянын суммасы көрсөтүлөт (миң сом менен);
10) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын маалыматтарына же товардык-транспорттук коштомо кагазга ылайык сатылган этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциянын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
11) декларациялоо мезгилинин аягына карата өздүк наркы боюнча этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциянын калдыгынын суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт;
12) декларациялоо мезгилинин аягына карата этил спиртинин жана/же алкоголдук продукциянын калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
13) отчеттук мезгил үчүн төлөнгөн акциз салыгынын суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт.
49. Продукциянын бир нече түрүнүн Декларация-147 толтурууда 5тен 13ке чейинки графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
6. Ишканалар боюнча сатылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM-148) толтуруу тартиби
50. Этил спиртин өндүрүүнү, сактоону жана жеткирүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ишканалар Декларация-148 этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 3үнөн кечиктирбестен берет.
51. 001-уячада "X" белгиси түрүндө белги коюлат.
1) эгерде Декларация-148 календардык ай үчүн биринчи жолу тапшырылса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгилинде отчет берилип, бирок берилген такталган Декларация-148 оңдолгон кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, белги "такталган" уячасына коюлат. Такталган Декларация-148 этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен берилет.
52. Декларация-148 уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 102-уячада он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган юридикалык жактын СИНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине жана паспортуна ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана аталган ыйгарым укуктуу органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУЖК коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн алты орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн (кичи райондун) аталышы, үйдүн, кеңсенин (батирдин) номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларация-148 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган дата жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы 2023-жылдын январь айы үчүн: "01.01.2023" жана "31.01.2023".
53. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү. 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
54. 1ден 5ке чейинки графаларга маалыматтарды киргизүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) декларациялоо мезгилинде КНС боюнча эсеп-фактуралардын же товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалыматтарына ылайык этил спирти жөнөтүлгөн ишкананын аталышы көрсөтүлөт;
3) этил спирти жөнөтүлгөн ишкананын СИНи көрсөтүлөт;
4) декларациялоо мезгилинде сатылган этил спиртинин физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинде өздүк наркы боюнча сатылган этил спиртинин суммасы (миң сом менен) көрсөтүлөт.
55. Бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттердин Декларация - 148 толтурууда 4төн 5ке чейинки графалардын жалпы жыйынтыктоочу көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт.
7. Атайын керектөөчүлөр тарабынан пайдаланылган этил спиртинин көлөмдөрү жөнүндө декларацияны (FORM-149) толтуруу тартиби
56. Этил спиртин медициналык, ветеринардык, парфюмердик-косметикалык жана техникалык максаттарда, ошондой эле азык-түлүк эмес продукцияларды өндүрүү үчүн пайдалануучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер Декларация-149 ошол адамдын муктаждыктары үчүн этил спиртин чыгымдоо ченемдерине ылайык квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
57. 001-уячада "X" белгиси түрүндө белги коюлат:
1) эгерде Декларация-149 календардык жыл үчүн биринчи жолу тапшырылса, белги "алгачкы" уячасына коюлат;
2) эгерде мурда ушул эле декларациялоо мезгилинде отчет берилип, бирок берилген такталган Декларация-148 оңдолгон кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылса, белги "такталган" уячасына коюлат.
58. Декларация-149 уячаларын толтуруу төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
1) 102-уячада он төрт орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган юридикалык жактын СИНи көрсөтүлөт;
2) 103-уячада уюштуруу документтерине жана паспортуна ылайык юридикалык жактын толук аталышы көрсөтүлөт;
3) 104-уячада юридикалык жактын салыктык катталган жери боюнча этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын үч орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган коду жана аталган ыйгарым укуктуу органдын аталышы көрсөтүлөт;
4) 107-уячада юридикалык жакты каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУЖК коду көрсөтүлөт;
5) 112-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн алты орундуу цифралык белгилөөлөрдөн турган индекси көрсөтүлөт;
6) 113-уячада салык төлөөчү иш жүзүндө жайгашкан калктуу конуштун аталышы (облус, шаар, район, айыл) көрсөтүлөт;
7) 114-уячада юридикалык жактын иш жүзүндө жайгашкан жеринин дареги (көчөнүн (кичи райондун) аталышы, үйдүн, кеңсенин (батирдин) номери) көрсөтүлөт;
8) 115-уячада юридикалык жактын байланыш телефонунун номери көрсөтүлөт;
9) 116-уячада юридикалык жактын электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
10) Декларация-148 201 жана 202-уячаларында декларациялоо мезгили башталган дата жана аяктаган дата көрсөтүлөт. Мисалы 2023-жылдын январь айы үчүн: "01.01.2023" жана "31.01.2023".
59. 112-116-уячалардын маалыматтары Декларация-149 берилген датага карата толтурулат.
Эскертүү. 102-104 жана 107-уячалардын маалыматтары ыйгарым укуктуу салык органынын салык төлөөчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар базасына шайкеш келиши керек.
60. 1ден 9га чейинки графаларга маалыматтарды киргизүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) катар номери көрсөтүлөт;
2) этил спиртин жеткирүүчү ишкананын аталышы көрсөтүлөт;
3) декларациялоо мезгилинин башталышына карата этил спиртинин калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
4) декларациялоо мезгилинин башталышына карата этил спиртинин калдыгынын өздүк наркы (миң сом менен) көрсөтүлөт;
5) декларациялоо мезгилинде сатып алынган этил спиртинин физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
6) декларациялоо мезгилинде пайдаланылган этил спиртинин физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
7) декларациялоо мезгилинде пайдаланылган этил спиртинин өздүк наркы (миң сом менен) көрсөтүлөт;
8) декларациялоо мезгилинин аягына карата этил спиртинин калдыгынын физикалык көлөмү (декалитрде) көрсөтүлөт;
9) декларациялоо мезгилинин аягына карата этил спиртинин калдыгынын өздүк наркы (миң сом менен) көрсөтүлөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.