Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-январы № 34 Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо тартибин бекитүү жөнүндө "Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-июнундагы № 316 "Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо тартибин бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-октябрындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 44 "Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 02-февралындагы № 9 (3562) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Этил спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү көлөмдөрүн декларациялоо Тартиби (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 34…Порядок · 26.01.2024 · № 34
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 20 октября 2010 года № 249 "О Государственном агентстве по контролю за производством и оборотом этилового спирта, алкогольной…Постановление · 20.10.2010 · № 249 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 июня 2008 года № 316 "Об утверждении Положения о порядке представления деклараций об объеме производства и оборота этилового спирта…Постановление · 19.06.2008 · № 316 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 18.01.2018 · № 32 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы № 318 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана Кыргыз…Постановление · 15.06.2016 · № 318 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Этил спиртин өндүрүүгө, импорттоого, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 08.08.2023 · № 168
- Постановление Правительства Кыргызской Республики от 20 октября 2010 года № 249 "О Государственном агентстве по контролю за производством и оборотом этилового спирта, алкогольной…Постановление · 20.10.2010 · № 249 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 июня 2008 года № 316 "Об утверждении Положения о порядке представления деклараций об объеме производства и оборота этилового спирта…Постановление · 19.06.2008 · № 316 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №44 "Этил спиртин, аракты жана пивону ата мекендик өндүрүүчүлөр менен типтүү макулдашуулардын долбоорлору жөнүндө" токтомуПостановление · 15.02.2011 · № 44 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-январындагы № 32 "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 18.01.2018 · № 32 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.