1-берене
Күчүндө · 25.01.2024 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 28-берененин 2-бөлүгү "уурдоо (205-берене)," деген сөздөрдөн кийин "мал уурдоо (205-1-берененин 2, 3 жана 4-бөлүктөрү)," деген сөздөр менен толукталсын;
2) 28-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2051-берене менен толукталсын:
"2051-берене. Мал уурдоо
1. Мал уурдоо, башкача айтканда олуттуу эмес өлчөмдө бирөөнүн малын жашыруун уурдоо, -
жүз сааттан жүз сексен саатка чейин коомдук иштерге же эки айдан алты айга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 200дөн 500 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же алты айдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Олуттуу өлчөмдө жасалган мал уурдоо, -
эки айдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же болбосо 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейинки өлчөмдө айып салууга же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Мал уурдоо:
1) ири өлчөмдө;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
4) турак жайдын, ишкананын, уюмдун, мекеменин короосуна же малканага, мал кармалган тосмого кирүү менен жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Мал уурдоо:
1) өзгөчө ири өлчөмдө;
2) уюшкан топ тарабынан;
3) кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалганда, -
мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде мал деп, майда жандык, бодо мал, жылкы, эшек жана качыр, төө, чочко түшүнүлөт.".
Берененин тексти 25.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000980/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>