Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кайыңды шаардык кеңешинин «Кайыӊды шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө» токтому
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 54/XVIII-4 Кайыӊды шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 18 январындагы №4 «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин күчүнө кириши жөнүндө” 3-беренесинин 2 пунктуна ылайык жана Кайыӊды шаарынын бюджетине кирешелердин түшүүсүн жана үстүбүздөгү жылга белгиленген максаттарды жана программаларды натыйжалуу ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кайыӊды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясыи токтом кылат:
1.Кайыӊды шаарынын аймагында мүлк салыгы 2023-жылдын 1 - январынан баштап киргизилсин.-Кыймылсыз объектилерине мүлк салыгы:а) турак жай имараты жана жайларга мүлк салыгыб)турак жай эмес имараты жана жайларга мүлк салыгы- Жер салыгы:а) калктуу пункттардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салыкб) үйдүн жанындагы, короо-жай жана бакча жер участогуна мүлк салыгы- Кыймылдуу мүлк салыгы: а)юридикалык жактардын транспорт каражаттарына мүлк салыгы б) жеке адамдардын жактардын транспорт каражаттарына мүлк салыгы
2. 2013-жылдын 30-сентябрындагы №33-/X – 3 “Кайыӊды шаарынын аймагында мүлк салыгын киргизүү жөнүндө” Кайыӊды шаардык кеӊешинин токтому жараксыз деп табылсын.
3. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4