Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Талды- Булак айыл кеңешинин «Талды- Булак айыл аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган жергиликтүү салыктарды, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизүү жана зоналдык коэффицентти кабыл алуу жөнүндө» токтому
ТАЛДЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2022-жылдын 28-октябры № 14 Талды- Булак айыл аймагы боюнча Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган жергиликтүү салыктарды, жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизүү жана зоналдык коэффицентти кабыл алуу жөнүндө Талды- Булак айыл кеңеши жергиликтүү салыктарды жана зоналдык коеффициентти карап чыгып жана талкуулап төмөнкүчө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Салык Кодексинин 37 ст. 3 пунктунда каралган төмөнкү жергиликтүү салыктар 2023-жылдан баштап жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилсин:
1)Турак жай имараттары жана жайлары;
2)Турак жай эмес имараттар, курулмалар жана жайлар;
3)Айыл чарба жерлеринен башка жер участоктору ;
4)Айыл чарба жерлери;
5)Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарба жер участогунун салыгы ;
6)Транспорт каражаттары, анын ичинде аба жана суу кемелери үчүн салыктар.
2.Талды-Булак айыл өкмөтү боюнча зоналдык коэффицент КЗ=1,2 өлчөмүндө кабыл алынсын.
3.Бул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
4.Бул токтом ченемдик укуктук актылардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талды-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Жээнбек уулу Белекке жүктөлсүн.
Төрага К. Жоомартов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3