96-берене. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардам көрсөтүү субъекттери
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 7-глава
1. Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардам көрсөтүү субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) менчигинин формасына карабай, саламаттык сактоонун онкологиялык жардам көрсөтүүчү адистештирилген жана башка уюмдары;
2) оорунун акыркы стадиясындагы айыкпас оорулууларга паллиативдик жардам көрсөтүү үчүн менчиктин бардык формасындагы медициналык-социалдык мекемелер. Мамлекеттик мекемелерди каржылоонун булактары болуп бюджеттик каражаттар, кайрымдуулук уюмдарынын каражаттары жана жарандардын жана уюмдардын ыктыярдуу кайрымдуулуктары саналат.
2. Министрлер Кабинети бекитүүчү уставга ылайык, зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга адистештирилген онкологиялык жардам көрсөтүү боюнча жана илимий-методикалык иштерди уюштуруу боюнча саламаттык сактоонун башкы уюму болуп саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу Улуттук онкология жана гематология борбору эсептелет.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
96-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-96" title="96-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>