93-берене. Психикалык-активдүү затты колдонуудан терс кесепеттердин алдын алуу
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 7-глава
1. Психикалык-активдүү затты колдонуунун зыянын азайтуу программалары төмөнкү стратегияларды камтыйт: маалыматтык-билим берүү иш-чаралары, опиоиддердин агонисттери менен дарылоо, шприцтерди алмашуу, ашыкча дозаны алдын алуу, коштогон ооруларды дарылоо, реабилитациялоо жана социалдык багыт программалары.
2. Психикалык-активдүү затты колдонуудан келип чыккан бузулуулары бар адамдарга опиоиддердин агонисттери менен терапия жүргүзүү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген клиникалык колдонмолорго жана протоколдорго ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Психикалык-активдүү затты колдонуудан келип чыккан кечиктирилгис абалдарда пайдаланылуучу дары препараттары Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жана саламаттык сактоону каржылоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келбеген башка булактардын эсебинен акысыз камсыздалат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
93-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-93" title="93-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>