90-берене. Психикасы жана жүрүм-туруму бузулганда стационардык жардам көрсөтүү
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 октября 2025 года № 241
1. Эгерде амбулатордук дарылоо адамдын ден соолугунун абалына байланыштуу толук натыйжалуу болбосо же психикасы бузулуудан улам адам өзүнө же башка адамдарга коркунучтуу болуп калса, стационардык психиатриялык, наркологиялык дарылоо колдонулат.
2. Психиатриялык, наркологиялык стационарга жаткыруу үчүн негиздер болуп адамдын психикасынын жана жүрүм-турумунун бузулуусунун болушу, врач-психиатрдын, наркологдун текшерүүнү же дарылоону стационардык шарттарда жүргүзүү жөнүндө чечими же болбосо судьянын токтому, ошондой эле ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте психиатриялык, наркологиялык, психологиялык-психиатриялык экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы саналат.
3. Ушул Мыйзамдын 91-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, адамды психиатриялык стационарга жаткыруу анын өтүнүчү боюнча же анын макулдугу менен - ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашырылат. Мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү же макулдугу боюнча психиатриялык стационарга жайгаштырылат.
4. 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек психиатриялык, наркологиялык стационарга анын ата-энесинин же башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жаткырылат. Ата-энесинин бири каршы болгон учурда же ата-энеси же башка мыйзамдуу өкүлү жок болгон жашы жете элек баланы психиатриялык, наркологиялык стационарга жаткыруу балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн чечими боюнча жүргүзүлөт, ага административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга болот.
5. Стационарга жаткырууга алынган макулдук адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жана дарыгер-психиатрдын, наркологдун кол тамгаларын коюу менен медициналык документтерге жазуу түрүндө таризделет.
6. Психиатриялык, наркологиялык стационарда өз ыктыяры менен жаткан бейтапты чыгаруу анын жеке арызы, анын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы же дарылоочу врачтын чечими боюнча жүргүзүлөт.
7. Психиатриялык стационарга ыктыярдуу эмес тартипте жаткырылган бейтапты чыгаруу врач-психиатрлардын комиссиясынын корутундусу же мындай стационарга жаткырууну узартуудан баш тартуу жөнүндө судьянын токтому боюнча жүргүзүлөт.
8. Соттун чечими боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган бейтапты чыгаруу соттун чечими боюнча гана жүргүзүлөт.
9. Эгерде психиатриялык, наркологиялык уюмдун врач-психиатрларынын комиссиясы тарабынан ыктыярдуу эмес тартипте стационарга жаткыруу үчүн ушул Мыйзамдын 91-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер аныкталса, психиатриялык, наркологиялык стационарга өз ыктыяры менен жаткырылган бейтапты чыгаруудан баш тартылышы мүмкүн. Мындай учурда анын психиатриялык стационарда болуу, стационарга жаткырууну узартуу жана стационардан чыгаруу маселелери ушул Мыйзамдын 84-беренесинде, 91-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө жана ушул берененин 7-бөлүгүндө белгиленген тартипте чечилет.
10. Стационардык психиатриялык, наркологиялык жардам стационарга жаткырылган адамдын жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуучу эң аз чектөөчү шарттарда, анын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары медициналык персонал тарабынан сакталышы менен жүзөгө ашырылат.
11. Психиатриялык, наркологиялык стационарга ыктыярдуу эмес түрдө жаткырууда жана болууда физикалык чектөө жана обочолонтуу чаралары врач-психиатрдын пикири боюнча стационарга жаткырылган адамдын өзү же башка адамдар үчүн түздөн-түз коркунуч жараткан аракеттерин башка методдор менен болтурбай коюу мүмкүн болбогон учурларда, формаларда жана ошол мезгил ичинде гана колдонулат жана медицина персоналынын туруктуу контролдоосу менен жүзөгө ашырылат. Физикалык чектөө же обочолонтуу чараларын колдонуунун формалары жана убактысы жөнүндө медициналык документтерде жазуу жүргүзүлөт.
12. Ички иштер органдарынын кызматкерлери стационарга ыктыярдуу эмес түрдө жаткырууну жүзөгө ашырууда медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө жана стационарга жаткырылуучу адамга келүү жана аны кароо үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Стационарга жаткырылуучу адам же башка адамдар тарабынан айланасындагылардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген аракеттерди болтурбоо зарыл болгон учурларда, ошондой эле стационарга жаткырылууга тийиш болгон адамды издөө жана кармоо зарыл болгондо ички иштер органдарынын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштешет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
90-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…экспертиза жүргүзүүнүн зарылдыгы саналат.
3. Ушул Мыйзамдын алынып салынды: 90-беренесинин кошулду: 91-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, адамды психиатриялык … ыктыярдуу эмес тартипте стационарга жаткыруу үчүн ушул Мыйзамдын алынып салынды: 90-беренесинин кошулду: 91-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер аныкталса, психиатриялык, наркологиялык … жана стационардан чыгаруу маселелери ушул Мыйзамдын 84-беренесинде, алынып салынды: 90-беренесинин кошулду: 91-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө жана ушул берененин 7-бөлүгүндө белгиленген тартипте … Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте иштешет.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-90" title="90-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>