Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
87-берене. Психиатриялык, наркологиялык стационарга алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жайгаштырылган жашы жете электерди жана аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды күбөлөндүрүү
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 октября 2025 года № 241
1. Психиатриялык, наркологиялык стационарга алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен жайгаштырылган 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам ушул Мыйзамдын 88-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте психиатриялык, наркологиялык мекеменин врач-психиатрларынын, наркологдорунун комиссиясы тарабынан милдеттүү түрдө күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Алгачкы алты айдын ичинде бул адамдар ооруканага жаткырууну узартуу жөнүндө маселени чечүү үчүн врач-психиатрлардын, наркологдордун комиссиясы тарабынан айына бирден кем эмес жолу күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ооруканага жаткыруу алты айдан ашык узартылганда врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан күбөлөндүрүү алты айда бирден кем эмес жолу жүргүзүлөт.
2. Психиатриялык стационардын врач-психиатрларынын, наркологдорунун комиссиясы же администрациясы тарабынан 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электи же болбосо белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамды ооруканага жаткырууда жол берилген кыянаттык кылуулар табылган учурда, психиатриялык стационардын администрациясы камкорчулукка алынгандын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө бул жөнүндө кабарлайт.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 октября 2025 года № 241 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере здравоохранения и образования"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адам ушул Мыйзамдын алынып салынды: 87-беренесинин кошулду: 88-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган тартипте психиатриялык, наркологиялык мекеменин … мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнө бул жөнүндө кабарлайт.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-87" title="87-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>