78-берене. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана жогорку коркунучтун булагы менен байланышкан ишти аткаруудагы чектөөлөр
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 7-глава
1. Жаран психикасы бузулуунун кесепетинен кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана жогорку коркунучтун булагы менен байланышкан иштерди аткарууга убактылуу (беш жылдан ашпаган мөөнөткө жана кийин кайра күбөлөндүрүү укугу менен) жөндөмсүз деп таанылышы мүмкүн. Мындай чечим врачтык комиссия, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан медициналык психиатриялык каршы көрсөткүчтөрдүн тизмесине ылайык жарандын психикалык саламаттыгынын абалын баалоонун негизинде кабыл алынат. Врачтык комиссиянын чечими административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.
2. Кесиптик иштин айрым түрлөрүн жана жогорку коркунучтун булагы менен байланышкан ишти жүзөгө ашыруу үчүн медициналык каршы көрсөткүчтөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана топтолгон тажрыйбаны жана илимий жетишкендиктерди эске алуу менен, мезгил-мезгили менен (беш жылда бир жолудан кем эмес) кайра каралып турат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
78-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-78" title="78-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>