7-берене. Саламаттык сактоо тутумунун бүтүндүгү
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жеке менчик саламаттык сактоо секторлорунан турган, ооруларды алдын алуу, өз убагында табуу, дарылоо жана күчөп кетишинин өөрчүү тобокелдигин азайтуу үчүн жашоо циклинин бардык этаптарында алынуучу ден соолукту чыңдоодон тартып алдын алууга, дарылоого, реабилитациялоого жана паллиативдик жардам көрсөтүүгө чейинки комплекстүү медициналык-санитардык кызматтарды көрсөтүү үчүн багытталган комплекстүү интеграцияланган саламаттык сактоо системасы иштейт.
2. Мамлекеттик саламаттык сактоо сектору мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарынан, ведомстволук медициналык, медициналык-санитардык жана коомдук саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарынан турат.
3. Жеке менчик саламаттык сактоо сектору саламаттык сактоонун жеке менчик уюмдарынан, ошондой эле жеке медициналык практика жана фармацевттик иш менен алектенген жеке жактардан турат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>