Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
67-берене. Психиатриялык же наркологиялык стационарларда болгон бейтаптардын укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 6-глава
1. Бейтапка аны психиатриялык стационарга жайгаштыруунун негиздери жана максаттары, анын укуктары жана стационардагы белгиленген эрежелер ал билген тилде түшүндүрүлүүгө тийиш, бул жөнүндө медициналык документтерге жазылат.
2. Бейтаптар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) гезиттерге жана журналдарга жазылууга;
2) эгерде бейтап 18 жашка толо элек болсо, жалпы билим берүүчү мектептин же интеллектуалдык өнүгүүсү бузулган балдар үчүн атайын мектептин программасы боюнча билим алууга;
3) эгерде бейтап өндүрүштүк жумушка катышса, башка жарандар менен бирдей эмгеги үчүн анын санына жана сапатына жараша сый акы алууга.
3. Бейтаптардын саламаттыгы же коопсуздугу үчүн дарылоочу дарыгердин, бөлүм башчысынын же башкы врачтын сунуштоосу боюнча, ошондой эле башка жактардын саламаттыгынын же коопсуздугунун кызыкчылыгында бейтаптардын төмөнкү укуктары чектелиши мүмкүн:
1) кат алышууну цензурасыз жүргүзүүгө;
2) аманаттарды, бандеролдорду жана акча которууларды алууга жана жөнөтүүгө;
3) телефонду пайдаланууга;
4) келгендерди кабыл алууга;
5) биринчи кезекте зарыл болгон предметтерге ээ болууга жана сатып алууга, өз кийимин пайдаланууга.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-67" title="67-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>