58-берене. Жарандардын милдеттери
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 4-глава
Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) өзүнүн ден соолугуна, балдарынын, жакын туугандарынын жана айланасындагы адамдардын саламаттыгына кылдат мамиле жасоого, жеке жана коомдук саламаттыкты сактоо жана чыңдоо үчүн бирдей жоопкерчилик тартууга;
2) жеке жана коомдук саламаттыкка тиешелүү болгон медицина кызматкерлеринин дайындоолорун аткарууга;
3) өз ден соолугун башкаруу процессине, анын ичинде өнөкөт оорулары болгон учурда аларды башкаруу программаларына катышууга, оору жана аны дарылоо методдору, мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана өтүшүп кетүүлөр жөнүндө маалымат алууга кызыкдар болууга;
4) саламаттык сактоо субъекттеринин талабы боюнча текшерүүдөн өтүүгө жана дарыланууга, медицина персоналына жана жакын туугандарына, жубайына аларда айланасындагылар үчүн коркунуч келтирүүчү жугуштуу жана башка оорулар бар экендиги жөнүндө маалымат берүүгө;
5) алардын айланасындагы адамдардын жугуштуу ооруларды жуктуруп алуусунан сактоого, алар туруктуу жашап жаткан жайларда эпидемияга каршы жана санитардык-саламаттык чыңдоочу иш-чараларды жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
58-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-58" title="58-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>