51-берене. Патологоанатомиялык союуларды жүргүзүү
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 3-глава
1. Патологоанатомиялык союу врач тарабынан өлүмдүн себеби жана диагнозу жөнүндө маалыматтарды алуу максатында жүргүзүлөт.
2. Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартиби жана учурлары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Калган учурларда, зомбулук менен өлгөнүнө шек саналбаса жана өлгөн адамдын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын же мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү арызы же болбосо өлгөн адамдын тирүү кезинде өзүнүн эрки боюнча билдирүүсү бар болгондо патологоанатомиялык союу жүргүзүлбөйт.
3. Өлүмдүн себеби жана диагнозу жөнүндө корутунду үй-бүлө мүчөлөрүнө, ал эми алар жок болсо - өлгөн адамдын жакын туугандарына же мыйзамдуу өкүлүнө, ошондой эле укук коргоо органдарына алардын талабы боюнча берилет.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 483 "Патологоанатомиялык союуну милдеттүү түрдө жүргүзүүнүн тартибин жана учурларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.08.2025 · № 483
- Министрлер Кабинетинин 08.08.2025-жылдагы №483 токтомуПостановление · 08.08.2025 · № 483
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-51" title="51-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>