36-берене. Санитардык-алдын алуучу жардам
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 3-глава
1. Кыргыз Республикасында санитардык-алдын алуучу жардамга төмөнкүлөр кирет:
1) санитардык-гигиеналык көзөмөл;
2) эпидемиологиялык көзөмөл;
3) сергек жашоо образын калыптандыруу.
2. Санитардык-алдын алуучу жардам калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо максатында мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө, саламаттыкты чыңдоо кызматтары жана саламаттык сактоонун алгачкы медициналык-санитардык жардам берүүчү уюмдары тарабынан көрсөтүлөт.
3. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгы жана коомдук саламаттыгы коомдук саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылуучу, жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун, өзгөчө табигый-климаттык кубулуштардын адамга зыяндуу таасирин жоюуга же азайтууга, инфекциялык оорулардын жана массалык инфекциялык эмес оорулардын пайда болушуна жана жайылышына жол бербөөгө жана аларды жоюуга, жарандарды гигиеналык жактан окутууга жана тарбиялоого, калк арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандырууга жана гигиеналык билимди жайылтууга багытталган иш-чаралардын комплекси менен камсыз кылынат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-36" title="36-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>