32-берене. Адистештирилген медициналык жардам
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 3-глава
1. Адистештирилген медициналык жардам Кыргыз Республикасында жарандарга менчигинин түрүнө карабастан алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдарында жана диагноз коюунун, дарылоонун атайын методдорун, медициналык татаал технологияларды пайдаланууну талап кылган ооруларда адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында көрсөтүлөт.
2. Адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү Мамлекеттик кепилдик программасында белгиленген жарандардын категориялары үчүн жана белгиленген ооруларда акысыз же жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырылат.
3. Жогорку технологияларды пайдалануу менен медициналык жардам жарандарга Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен көрсөтүлөт.
4. Медициналык жардамдын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу) түрлөрүнүн фондунун каражаттарынын эсебинен медициналык жардам көрсөтүүнүн көлөмү саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бул максаттарга каралган каржылоонун көлөмүнө жараша жыл сайын аныкталат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-32" title="32-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>