183-берене. Жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы эл аралык кызматташуу
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 15-глава
1. Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында башка мамлекеттер менен кызматташуусу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Эл аралык кызматташуунун тартиби Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин мыйзамдары менен белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы эл аралык кызматташуусунун алкагында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн макулдашуулар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жоболоруна ылайык жарандардын саламаттыгын сактоого жана медициналык жардам алууга укуктарын чектебеши керек.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
183-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-183" title="183-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>