178-берене. Жарандардын жоопкерчилиги
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 14-глава
Жарандар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына, укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
1) санитардык-гигиеналык, эпидемияга каршы ченемдерди жана эрежелерди бузгандыгы, алардын ден соолугуна же айланасындагылардын ден соолугуна зыян келтирүүгө алып келүүчү айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн;
2) айланасындагылардын ден соолугуна зыян келтириши мүмкүн болгон жугуштуу жана коркунучтуу илдеттери болгондо байкоо жүргүзүүдөн жана дарылануудан качкандыгы үчүн;
3) өздөрүнүн ден соолугуна жана жашы жете элек балдардын, кош бойлуу аялдардын ден соолугуна карата медициналык жазма буйруктарды аткарбагандыгы үчүн;
4) медициналык тез жардамды жалган чакыргандыгы үчүн.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
178-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-178" title="178-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>