160-берене. Медициналык жардам көрсөтүүдөгү медицина кызматкерлеринин көз карандысыздыгы
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 12-глава
1. Медицина кызматкери медициналык жардам көрсөтүүдө өзүнүн чечимдеринде көз карандысыз жана медициналык көрсөткүчтөрдү, дарыгердик парзды жана мыйзамды гана жетекчиликке алат.
2. Врачтык комиссиянын чечими менен пикири дал келбеген медицина кызматкери өз корутундусун берүүгө укуктуу, ал медициналык документтерге тиркелет.
3. Бейтаптын өмүрүнө жана саламаттыгына коркунуч жаралган учурда, көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамды түзөтүү максатында медицина кызматкеринин аракеттерине башка медицина кызматкери кийлигишүүсү мүмкүн.
4. Өзүнүн кесиптик ишин жүзөгө ашырууда медицина кызматкерлери алмаштырылгыс. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, медицина кызматкерлерин медициналык жардам көрсөтүүдөн четтетүүгө эч кимдин укугу жок.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
160-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-160" title="160-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>