Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
158-берене. Медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүү милдети
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 12-глава
1. Кызмат адамдары жана жарандар медициналык жардам көрсөтүүдө медицина кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Адамдын өмүрүнө коркунуч жаралганда, медицина кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) оорулуу турган жерге баруу же болбосо аны жакын жердеги саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү үчүн ошол жагдайда болгон транспорттун кандай болбосун түрүн пайдаланууга;
2) ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга же жарандарга таандык болгон байланыш каражаттарын тоскоолдуксуз жана акысыз колдонууга.
2. Медицина кызматкеринин транспортту, байланыш каражаттарын берүү жөнүндө мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан учурда кызмат адамы же транспорт каражатынын ээси бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
3. Адамдын өмүрүнө коркунуч жаралганда медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-158" title="158-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>