154-берене. Медициналык же фармацевттик ишти жүзөгө ашырууга чектөөлөр
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 12-глава
1. Медициналык жана фармацевттик иш кесиптик билимди бейтаптын ден соолугуна зыян келтирүү үчүн же кылмыштуу максаттарда пайдаланууга туура келбейт.
2. Медициналык же фармацевттик иш менен төмөнкүлөр алектене албайт:
1) медициналык же фармацевттик ишти жүзөгө ашырууда атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн мурда соттолгон адам Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык соттолгону толук жоюлганга чейин;
2) медициналык же фармацевттик иш менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза берилген адам соттун чечими менен белгиленген мезгилдин ичинде;
3) сот тарабынан аракетке жарым-жартылай же толук жөндөмсүз деп таанылган адам;
4) медициналык, биологиялык, фармацевттик билими жок адам жана "Саламаттык сактоону башкаруу" квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоодон өтпөгөн адам.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
154-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-154" title="154-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>