140-берене. Саламаттык сактоо тутумунун каражаттарын пайдалануу
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 11-глава
Саламаттык сактоо тутумунун каражаттары төмөнкүлөргө пайдаланылат:
1) калкка медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө;
2) саламаттык сактоонун максаттуу комплекстүү программаларына;
3) саламаттык сактоонун мамлекеттик кызматтарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана карап күтүүгө;
4) саламаттык сактоо тутумунун кадрларын даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга;
5) медицина жана фармацевт илимдерин өнүктүрүүгө жана алардын жетишкендиктерин ишке киргизүүгө;
6) инфекциялык оорулардын эпидемияларын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алууга жана жоюуга;
7) алдын алуу иш-чараларын өткөрүүгө;
8) диагноздоо иш-чараларын өткөрүүгө;
9) инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын өнөкөт түрлөрүнөн жабыр тарткан адамдарды дарылоого жана реабилитациялоочу иш-чараларды өткөрүүгө;
10) саламаттык сактоонун артыкчылыктуу тармактарында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
11) онкология жаатындагы адистерди даярдоого, анын ичинде чет өлкөдө дагы даярдоого;
12) медициналык препараттарды жана медицина багытындагы буюмдарды сатып алууга;
13) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында тыюу салынбаган башка чыгымдарга.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
140-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-140" title="140-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>