122-берене. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу
Күчүндө · 23.01.2026 редакциясы · 9-глава
1. Донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону кан кызматы жүзөгө ашырат.
Кан жана анын компоненттерин алуу саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген стандарттарга жана тартипке ылайык донорду медициналык жактан текшергенден кийин жүргүзүлөт. Донордун медициналык текшерүүдөн өтүшү милдеттүү болуп эсептелет. Донорду текшерүүнүн жыйынтыгы документтештирилүүгө тийиш жана ченемден кандай болбосун четтөөлөр донорго билдирилет.
2. Донордук кандын, анын компоненттеринин жана препараттарынын коопсуздугу донорлорду медициналык күбөлөндүрүүгө, медициналык пайдалануу үчүн кан продуктуларын өндүрүүдө коопсуздукка жана сапатка карата саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген талаптарды сактоо жолу менен камсыздалат.
Кандын жана анын компоненттеринин сапаты донордук канды жана анын компоненттерин даярдоону, кайра иштетүүнү, сактоону жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмунун сапат бөлүмү тарабынан контролдонот. Кан кызматы чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдарда аткарылуучу лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатына баалоо жүргүзүүнү кан кызматынын республикалык лабораториясы жүзөгө ашырат.
3. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын куюштурууну жүзөгө ашырып жаткан саламаттык сактоо уюмдары жана медициналык кызматкерлер аларды коопсуз пайдалануу боюнча тиешелүү талаптарды, ошондой эле транфузиялык жардам көрсөтүүнүн тартибин сактоону камсыз кылууга милдеттүү.
4. Донордук канды, анын компоненттерин жана препараттарын сапат контролунан өткөнгө чейин колдонуу же сатуу үчүн берүүгө болбойт.
5. Табигый кырсыктарда, эпидемияларда, эпизоотияларда жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же анын айрым жерлеринде башка өзгөчө кырдаалдарда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
6. Кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу боюнча бардык иш-чараларды каржылоо мындай учурларда Министрлер Кабинетинин резервдик фондунун эсебинен жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 23.01.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
122-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000918/st-122" title="122-берене - Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>