8-берене. Дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, ошондой эле убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз дары каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгүнө;
2) дары-дармек жардамын көрсөтүүдө пайдаланылган дары каражаттарынын коопсуздугу, натыйжалуулугу жана сапаты жөнүндө корутунду алуу үчүн эксперттик органдарга жана уюмдарга кайрылууга.
2. Дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын калкын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программалар иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
3. Сапаттуу медициналык жардамды алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, дары каражаттарын сарамжалдуу пайдалануу жана мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында Министрлер Кабинети тарабынан Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси бекитилет жана ал эки жылда бир жолудан кем эмес жолу кайра каралат.
Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмесин түзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Калктын чыгымдарын чектөө жолу менен дары каражаттарынын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баалары жөнгө салынууга тийиш болгон дары каражаттарынын тизмесин түзөт.
Дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелери, ошондой эле тизмеге киргизүү жана андан чыгаруу критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Өмүр үчүн коркунучтуу оорулардан жапа чеккен, жактырылган дары препараттары менен дарылоо натыйжа бербеген оорулууларга эксперименттик дары каражаттарын пайдалануу программаларынын (боорукердик менен пайдалануу программаларынын) алкагында Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте көмөк көрсөтүлөт.
6. Калктын Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган дары препараттарына муктаждыгын камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ташып келүүгө жана каттоосуз медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын атайын тизмеси бекитилет.
7. Ташып келүүгө жана каттоосуз медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын атайын тизмесине төмөнкүлөр үчүн дары препараттары киргизилет:
1) орфандык дары препараттарына муктаждыкты камсыз кылуу;
2) эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча вакцина менен башкарылуучу инфекциялардын жана башка инфекциялардын алдын алуу жана дарылоо;
3) инфекциялык оорулар тез жайылганда жана эпидемиологиялык кырдаал татаалдашканда диагностикалоо, дарылоо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү;
4) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программалардын алкагында дары каражаттарына болгон муктаждыкты камсыз кылуу;
5) конкреттүү бейтаптын жашоо көрсөткүчтөрү боюнча медициналык жардам көрсөтүү;
6) социалдык маанилүү ооруларды дарылоо.
8. Ташып келүүгө жана каттоосуз медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын атайын тизмесин түзүү тартиби жана ага дары препараттарын киргизүү жана андан алып салуу критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (8)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31- майы № 292 "Кыргыз Республикасында дары каражаттарына бааларды жөнгө салуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 31.05.2023 · № 292
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-авугстундагы № 522 "Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары…Постановление · 23.08.2025 · № 522
- Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары препараттарынын жана медициналык буюмдардын атайын тизмегин түзүү тартиби жана дары…Порядок · 23.08.2025 · № 522
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 "2026-2028-жылдарга Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук…Постановление · 06.10.2026 · № 670
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябры № 625 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 292 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 17.10.2024 · № 625
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-январындагы № 16 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз…Постановление · 16.01.2025 · № 16
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 432 "Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү…Постановление · 31.07.2024 · № 432 · Күчүн жоготкон
- Министрлер Кабинетинин 23.08.2025-жылдагы №522 токтомуПостановление · 23.08.2025 · № 522
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000627/st-8" title="8-берене - Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>