Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «2026-2028-жылдарга Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 6-октябры № 670
2026-2028-жылдарга Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкынын медициналык жардамдын натыйжалуу түрлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, «Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси 1-тиркемеге ылайык;
2) Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси 2-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга бюджетинде каралган каражаттарынын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 432 «Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинтинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеси (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 токтому менен бекитилди)Перечень · 06.10.2026 · № 670
- Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын улуттук тизмеси 1-тиркемеге ылайык (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 670 токтому менен бекитилди)Перечень · 06.10.2026 · № 670
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 432 "Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү…Постановление · 31.07.2024 · № 432 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндөЗакон · 12.01.2024 · № 13
- Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндөЗакон · 29.12.2023 · № 216
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 432 "Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү…Постановление · 31.07.2024 · № 432 · Күчүн жоготкон