Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагын түзүү жана анын ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 08-январындагы № 1-Д
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагын түзүү жана анын ишинин тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Тышкы чөйрөнүн булгануусун көзөмөлдөөнү мындан ары жакшыртуу жана тартипке келтирүү, калкты жана айлана чөйрөнү радиоактивдүү, күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардан жана бактериялык каражаттардан коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамынын 6 - беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023 – жылдын 3 – мартындагы № 115 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 14 - пунктунун 5 - пунктчасына ылайык, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасында Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагын түзүүнүн жана ишинин тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагына киргизилген министрликтердин, административдик ведомстволордун, органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тышкы чөйрөнүн объектилеринин радиоактивдүү, ууландыруучу жана күчтүү таасир этүүчү уулуу заттардан жана бактериялык (биологиялык) каражаттардан булгануусуна байкоо жүргүзүүнү жана лабораториялык контролдоо камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калк жана массалык маалымат каражаттары менен иштөө башкармалыгынын башчысы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010 - жылдын 26 - февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык аны расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысы:
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө жарыялоо булактары жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрдү Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин ушул маселе компетенциясына кирген орун басарына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук 2023 - жылдын 1 - мартынан тартып күчүнө кирет.
Министр генерал-майор
Б.Э. Ажикеев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө"Постановление · 26.02.2010 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик…Постановление · 03.03.2023 · № 115
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 6-февралындагы № 19-б "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы "Даттанууларды жана…Приказ · 06.02.2018 · № 19-б · Күчүн жоготкон