Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин «Курулуш-монтаждоо башкармалыгы» мамлекеттик ишканасынын устав (КР Министрлер Кабинетинин токтомуна)
| Тиркеме | ||
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-апрелиндеги № 232 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 518 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугунда башкарууга негизделген өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органынын актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - уюштуруучу орган) саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги (мындан ары - башкаруу органы) эсептелет.
5. Ишкананын өзүнүн аталышы бар:
1) мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы";
2) расмий тилде: "Государственное предприятие "Строительно-монтажное управление" Министерства внутренних дел Кыргызской Республики".
6. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: "КМБ" МИ;
2) расмий тилде: ГП "СМУ".
7. Ишкананын мүлкү жана кирешеси мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, жарандык мыйзамдарда жана ушул Уставда каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле логотип, эмблема түрүндөгү атрибутикасы бар.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Кронштадтская көчөсү, 17.
12. Ишкана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын объекттеринде жана Кыргыз Республикасынын башка ведомстволорунун, уюмдарынын жана мекемелеринин объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштурат.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
13. Ишкананын ишинин негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Ишкана тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын муктаждыктары үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча мамлекеттик түз заказдарды аткаруу;
2) мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын инфраструктурасынын жаңы объекттерин түзүү жана иштеп жаткан объекттерин оң техникалык абалда күтүү.
14. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин уюштуруу.
15. Ишкананын функциялары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) аймактык архитектура жана курулуш органдары менен макулдашуу боюнча курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте курулуш аянттарын жана курулуш объекттерин даярдоо, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо жүргүзүү;
2) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын объекттеринде, ошондой эле башка ведомстволордун, уюмдардын жана мекемелердин объекттеринде куруучу подрядчынын функциялары менен куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин жүзөгө ашыруу;
3) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тизмегинде каралган өндүрүштүк, турак жай-коммуналдык жаңы кубаттуулуктарды жана башка багыттагы капиталдык оңдоо иштери аяктаган объекттерди курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте колдонууга киргизүү жана эксплуатациялоочу уюмдарга жана мекемелерге өткөрүп берүү.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
16. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүзөгө ашырууга;
2) монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш болгон товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте рыноктун конъюнктурасына жараша өз алдынча аныктоого;
3) кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөөчү топторду түзүүгө;
4) өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын, демөөрчүлүк жардамдарын жана каражаттарын тартууга;
5) республикалык бюджеттен максаттуу пайдалануу үчүн бөлүнгөн каражаттардан тышкары, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жана мекемелерине демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүүгө;
6) обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
7) юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
8) эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин негизинде Ишканадагы иштерди аткарууга белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
9) Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөгө кызматтык зарылчылыкка байланыштуу жана эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
10) эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү белгиленген тартипте түзүүгө;
12) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык зарыл болгон учурларда маселелерди ыкчам чечүү максатында келишимдик негиздер боюнча субподряддык уюмдарды тартууга;
13) келишимдик негизде чарба жүргүзүү укугунда ага таандык болгон жабдууну, транспорт каражаттарын, инвентарларды, материалдык баалуулуктарды жана башка мүлктөрдү жарандык мыйзамдарга ылайык менчик ээсинин макулдугу боюнча юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө.
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган өзүнүн максатына жетүү, милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) түзүлгөн келишимдер боюнча келишимдик милдеттенмелерди так аткарууга;
2) өздүк каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлери үчүн эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна, эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
4) Ишкананын кызматкерлерине социалдык, медициналык милдеттүү камсыздандырууну камсыз кылууга;
5) ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын отчётторун, статистикалык маалыматтарын өз убагында берүүгө, салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү салык салуу жана социалдык чегерүүлөр чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдөрдө төлөөгө;
6) чарба жүргүзүүгө өткөрүлүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга;
7) аткарылып жаткан иштин сапатын камсыз кылууга жана курулуш объекттерин эксплуатацияга берүүнүн мөөнөттөрүн сактоого;
8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
9) Ишкананын чарба жүргүзүүсүндө турган мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкарууга жана колдонуудан пайда табууга;
10) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын объекттеринде куруу-монтаждоо, оңдоо-куруу жана реконструкциялоо иштерин аткарууга;
11) белгиленген тартипте башкаруу органына реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого тийиш болгон объекттерди Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын объекттеринин тизмесине киргизүү жөнүндө сунуштарды берүүгө.
18. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерди аткарууда алынган жарандардын жеке жашоосуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тийиштүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
4. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
19. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, субподряддык уюмдар, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
20. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген келишимдердин предметин тандоодо, чарбалык өз ара мамилелердин милдеттенмелерин, ар кандай шарттарын аныктоодо эркин.
21. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчётторду түзөт. Ишкананын финансылык отчёттору кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
22. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө төмөнкүлөргө отчет берет:
1) ички аудиторго (ички аудит кызматына, эгерде бар болсо);
2) башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
23. Ишкана финансы-чарбалык ишин стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана башкаруу органы тарабынан бекитилет.
24. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) Ишкананын ишинин максаттарын жана негизги багыттарын;
2) тармактын жана рыноктун сыпаттамасын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
4) товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
5) уюштуруу планын;
6) финансылык планды;
7) тобокелдиктерди талдоону.
25. Жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө, Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары тууралуу отчетту, анын ичинде отчеттук жыл үчүн Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту берет.
26. Ишкананын тышкы жана ички аудити "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" жана "Ички аудит жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
5. Ишкананын мүлкү жана финансылары
27. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугуна негизделген жана ага бекитилген мүлккө карата менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү колдонуунун негизи болуп Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана мамлекеттик менчик болуп саналган Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу эсептелет.
28. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылуучу материалдык баалуулуктар түзөт. Ишкананын мүлкүн түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилген мүлк;
2) ага бекитилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүмдөр жана продукциялар;
3) чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, кредиттер;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык башка булактар.
29. Өзүнүн финансы-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен Ишкана тарабынан кайрадан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык максаттарга жана иштин предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижара) укугун жүзөгө ашырат.
30. Жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза кирешени Ишкана толук өлчөмдө стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашырууга жумшайт.
31. Ишкананын кирешеси төмөнкүлөргө пайдаланылышы мүмкүн:
1) кызматкерлердин иштөө шарттарын жана социалдык корголушун жакшыртууга;
2) чарбалык-финансылык ишти өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө;
3) Ишкананын кызматкерлерин окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
4) Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык иш-чараларды өткөрүүгө.
32. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталына салым катары киргизүү мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
33. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгилеген мөөнөттөрдө жана тартипте берүүгө милдеттүү.
6. Уюштуруучунун Ишкананын ишиндеги компетенциясы
34. Уюштуруучунун Ишкананын ишиндеги компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы түзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, анын ишинин предметин жана максаттарын аныктоо;
2) Ишкананы менчиктештирүү, кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
3) Ишкананы жоюу комиссиясынын курамын жана жоюу балансын бекитүү;
4) Ишкананы өткөрүү актысын же бөлүү балансын бекитүү;
5) Ишкананы муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө чечимди кабыл алуу;
6) ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү.
7. Башкаруу органынын Ишкананын ишиндеги компетенциясы
35. Башкаруу органынын Ишкананын ишиндеги компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
3) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын директору кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна талапкерлерди андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
81) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга ишкананын жетекчисинин орун басарларынын кызмат орундарына талапкерлерди сунуштоо;
9) фонддордун, коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Ишканага тейлеген иш чөйрөлөрүндөгү тармактык саясат маселелерине тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүү;
11) Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроо жана алуу;
12) Ишкананын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн анын аймагына келүү;
13) Ишкананын отчетторун угуу;
14) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын директорун кызмат ордунан бошотуу, ага тартиптик жаза чарасын колдонуу жана сыйлоо жөнүндө сунушту киргизүү;
15) Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылуу;
16) Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыздоо;
17) Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон укук бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоо;
18) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоо;
19) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 518 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ишкананын ишиндеги компетенциясы
36. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын Ишкананын ишиндеги компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) уюштуруучуга Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу боюнча сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетун бекитүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишин талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын директорунун жана анын орун басарларынын ишин баалоо;
7) Ишкананын директоруна жана анын орун басарларына сыйакы төлөө тартибин бекитүү;
8) башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын директорун кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө сунушту киргизүү;
9) Ишкананын директорунун башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Ишкананын директорунун орун басарларын кызмат ордуна дайындоо жана ээлеген кызмат ордунан бошотуу;
10) Ишкананын директору жана анын орун басарлары менен эмгек келишимин түзүү;
11) Ишканага бекитилген мүлктүн багыты боюнча пайдаланылышын жана сакталышын контролдоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 518 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Ишкананын аткаруу органы
37. Ишкананын аткаруу органы болуп Ишкананын директору эсептелет.
38. Директор Кыргыз Республикасынын ички иштер министри тарабынан сунушталган, Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат.
Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын башкаруу органы менен макулдашылган сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордунан бошотулат.
39. Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын директору эмгек келишими түзүлгөндөн кийин кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
40. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын ишине канааттандырарлык эмес баа алганда жана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары тууралуу отчетту кароонун натыйжалары боюнча;
2) иштин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү аткарылбаган учурда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттери аткарылбаган же талаптагыдай эмес аткарылган учурда;
4) Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз иш-аракеттер болгондо;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
41. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
2) Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) алдыдагы жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын бекитүүсүнө киргизүү;
4) Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана берүү;
5) тармактык саясат маселелери боюнча башкаруу органынын чечимдерин аткарууну уюштуруу;
6) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
7) кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
8) кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
9) Ишкананын уюштуруу-тескөө документтерин кабыл алуу;
10) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу.
42. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
1) башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
2) Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, ушул Уставга жана Ишкананы стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Ишкананын мүлкүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте тескөөгө;
4) Ишкананын алдына коюлган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга.
43. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын отчетторун, финансылык-чарбалык иши жөнүндө маалыматтарын, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди башкаруу органынын кароосуна киргизүүгө, ошондой эле Ишкананын бардык иш чөйрөсүнө байланышкан маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлери тарабынан ага белгилүү болгон укук бузуу фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого.
44. Ишкананын директорунун чечимдери буйруктар формасында кабыл алынат.
45. Ишкананын директору:
1) Ишкананын атынан ишеним катсыз иш жүргүзөт;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
3) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алат жана бошотот;
4) Ишкананын кызматкерлерине тартиптик жаза чараларын колдонот жана сыйлоо чараларын көрөт;
5) компетенциясынын алкагында Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
6) Ишкананын кызматкерлерине ишеним каттарды берет;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
8) финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлктөрүн жана башка активдерин максаттуу пайдалануу, өндүрүштө коопсуздук техникасын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
9) коррупциогендүү факторлорду жоюу боюнча чараларды көрүү менен аларга мониторинг жүргүзүүнү уюштурат жана Ишкананын кызматкерлерине алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөт;
10) Ишкананын кызматкерлери тарабынан мыйзамдардын талаптарынын сакталышын үзгүлтүксүз контролдойт, анын ичинде ченемдик талаптардын аткарылышына мониторинг, кызматтык иш-аракеттердин мыйзамдуулугуна талдоо жүргүзөт жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда чараларды көрөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 518 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Ишкананын директору ага жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
47. Ишканада директордун эки орун басарынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары мамлекеттик башкаруу органынын сунушу боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана ээлеген кызмат ордунан бошотулат. Директордун орун басарлары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директор менен директордун орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык өздөрүнө жүктөлгөн, бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында Ишкананын ишине жетекчилик кылат. Ишкананын директорунун орун басарлары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен эмгек келишимдерин түзөт. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 518 токтомунун редакциясына ылайык)
48. Ишкананын директору ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда анын милдеттерин бош кызмат ордун ээлеген учурга чейин аткаруу директордун орун басарларынын бирине жүктөлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 518 токтомунун редакциясына ылайык)
49. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Ишкананын түзүмүндө ички аудитордун кызмат орду каралышы мүмкүн.
10. Ишкананын жетекчилик курамы
50. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кирет:
- директор, директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-августундагы № 518 токтомунун редакциясына ылайык)
51. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өздөрүнүн укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында аракеттенүүгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
52. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкү адамдар кире албайт:
1) чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
2) менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар адамдар;
3) канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин ээлеген кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
4) мурда менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектте аны банкроттукка алып келген жетекчилик кызмат орундарын ээлеген адамдар;
5) мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордунда иштеген мезгилде бир эле убакта жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укуксуз.
11. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
53. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, ажыратуу же кайра түзүү формасында жүзөгө ашырылат.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же ажыратуу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат. Ишкананы кайра уюштуруу тууралуу чечим атаандаштык жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча кабыл алынат.
54. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
55. Ишкана төмөнкү учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан;
2) соттун чечиминин негизинде.
56. Ишкананы жоюу үчүн уюштуруучу тарабынан жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасынан жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясына жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башчылык кылат.
Жоюу комиссиясы түзүлгөн учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот. Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуп жаткан Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
57. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтому 2023-жылдын 29-апрели № 232 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Курулуш-монтаждоо башкармалыгы" мамлекеттик…Постановление · 29.04.2023 · № 232
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.