Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
8-берене. Медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы · 2-глава
1. Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жаткан, ошондой эле убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сапаттуу, натыйжалуу жана коопсуз медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүнө;
2) эксперттик органдардын жана уюмдардын медициналык жардам көрсөтүүдө пайдаланылган медициналык буюмдардын коопсуздугу, натыйжалуулугу жана сапаты жөнүндө корутундусун алуу үчүн аларга кайрылууга.
2. Медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү дары каражаттары жана медициналык буюмдар менен Кыргыз Республикасынын калкын камсыз кылуунун жалпы мамлекеттик программалары иштелип чыгат жана ишке ашырылат.
3. Медициналык жардамдын натыйжалуу түрлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Министрлер Кабинети тарабынан Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмеги бекитилет, ал эки жылда кеминде бир жолу кайра каралат.
Жашоо үчүн маанилүү медициналык буюмдардын улуттук тизмегин түзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын жарандарын согуш аракеттери, өзгөчө кырдаал шарттарында зарыл болгон медициналык буюмдар менен камсыз кылуу үчүн, ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу үчүн, айланадагыларга кооптуулук жаратуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, оорулардын алдын алуу жана дарылоо, ошондой эле химиялык, биологиялык жана химиялык жагымсыз факторлордун таасиринин кесепетинен чыккан оорулардын жана жабыркоолордун алдын алуу жана дарылоо үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Стратегиялык маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмеги бекитилет.
4. Медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн калктын чыгымдарын чектөө жолу менен саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Баалары жөнгө салынууга тийиш болгон медициналык буюмдардын тизмегин түзөт.
Медициналык буюмдардын бааларын жөнгө салуу эрежелери, ошондой эле тизмеге киргизүү жана андан чыгаруу критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган медициналык буюмдар менен калктын керектөөсүн камсыз кылуу үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген медициналык буюмдардын атайын тизмеги бекитилет.
Атайын тизмекти түзүү тартиби, ага медициналык буюмдарды киргизүү жана андан чыгаруу критерийлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-авугстундагы № 522 "Каттоосуз ташып келүүгө жана медициналык колдонууга убактылуу уруксат берилген дары…Постановление · 23.08.2025 · № 522
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 31-июлундагы № 432 "Жашоо үчүн маанилүү дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмелерин бекитүү…Постановление · 31.07.2024 · № 432
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майы № 249 "Коронардык стенттерди жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун убактылуу…Постановление · 13.05.2025 · № 249 · Күчүн жоготкон
- Министрлер Кабинетинин 23.08.2025-жылдагы №522 токтомуПостановление · 23.08.2025 · № 522
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000344/st-8" title="8-берене - Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>