Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баа берүү
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы · 4-глава
1. Кыргыз Республикасына ташылып келүүчү жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, медициналык буюмдардын потенциалдуу тобокелдиги классына жараша медициналык колдонууга багытталган, катталган же каттоосуз медициналык колдонууга уруксат берилген медициналык буюмдардын атайын тизмегине киргизилген медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баа берилүүгө тийиш.
2. Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна жүргүзүлгөн баа берүүнүн натыйжалары боюнча саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган арыз ээсине медициналык буюмдун сапаты жана коопсуздугу жөнүндө тиешелүү корутунду берет.
3. Сапатына жана коопсуздугуна баа берүү, сапаты жана коопсуздугу бааланууга тийиш болгон катталган медициналык буюмдардын категориясын аныктоо, ошондой эле медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баа берүү өткөрүлгөндүгү үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Сапатына жана коопсуздугуна баа берүүдөн өтпөгөн медициналык буюмдар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып чыгууга, жок кылынууга жана/же утилдештирилүүгө тийиш.
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 17-октябрындагы № 626 "Медициналык буюмдардын сапатына жана коопсуздугуна баалоо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү тууралуу"…Постановление · 17.10.2024 · № 626
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 34 "Ташып кирүүдө сапатын жана коопсуздугун баалоодон өтпөгөн дары каражаттарын жана медициналык…Постановление · 25.01.2025 · № 34
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000344/st-19" title="19-берене - Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>