Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-берене. Медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 ноября 2025 года № 252
1. Медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо медициналык буюмду өндүрүүгө жана медициналык буюмду өндүрүүчүнүн сапат менеджменти системасына баа берүү процесси болуп саналат. Өндүрүштү инспекциялоо коопсуздуктун, сапаттын жана натыйжалуулуктун талаптарына шайкеш келүүчү медициналык буюмдарды өндүрүү мүмкүнчүлүгүн жана медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоонун жүрүшүндө алынган медициналык буюм жөнүндө иш жүзүндөгү маалыматтардын медициналык буюмду өндүрүүчү тарабынан каттоо досьесинде билдирилгенге шайкештигин тастыктоо максатында жүргүзүлөт.
2. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы медициналык буюмдарды өндүрүүгө жүргүзүлгөн инспекциялоонун жыйынтыгы боюнча медициналык буюмду өндүрүүчүгө мөөнөтү берилген күндөн тартып 3 жыл бою күчүндө болгон тиешелүү документ берет.
3. Медициналык буюмдардын өндүрүшүн инспекциялоону жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар арыз ээсинин (инспекциялануучу субъекттин) каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартиби жана медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо үчүн төлөмдүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо баштапкы, мезгилдүү (пландуу) жана пландан тышкаркы өндүрүштүк инспекциялоо формаларында жүргүзүлөт.
Өндүрүштү алгачкы инспекциялоо медициналык буюмдарды мамлекеттик каттоонун алкагында жүргүзүлөт. Өндүрүштү мезгилдүү (пландык) инспекциялоо баштапкы инспекциялоодон кийин үч жылдын ичинде бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Өндүрүштү пландан тышкаркы инспекциялоо иши медициналык буюмдарды өндүрүүчүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт. (В редакции Закона КР от 3 ноября 2025 года № 252)
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 3 ноября 2025 года № 252 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об обращении лекарственных средств", "Об обращении медицинских изделий")"Редакцияларды салыштыруу
03.11.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Медициналык буюмдарды кошулду: жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоонун тартиби жана медициналык буюмдарды өндүрүүнү инспекциялоо үчүн төлөмдүн өлчөмүн алынып салынды: аныктоо кошулду: аныктоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Медициналык … иши медициналык буюмдарды өндүрүүчүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
кошулду: (В редакции Закона КР от 3 ноября 2025 года № 252)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000344/st-18" title="18-берене - Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>