Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо
Күчүндө · 03.11.2025 редакциясы · 4-глава
1. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү иш, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензия болгондо, ушул Мыйзамдын жана лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндөгү талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү иштин төмөнкүдөй түрлөрү лицензияланууга тийиш: медициналык буюмдарды өндүрүү, медициналык буюмдарды дүңүнөн сатуу (дистрибьюциялоо), медициналык буюмдарды чекене сатуу, медициналык буюмдарды даярдоо.
Лицензиянын бланкында лицензиялануучу фармацевтикалык иштин түрү көрсөтүлөт. Лицензияда иш жүргүзүлүп жаткан объекттин иш жүзүндөгү дареги көрсөтүлөт. Лицензияда көрсөтүлгөн объекттин дарегин өзгөртүү лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналат. Фармацевтикалык иш лицензияда көрсөтүлгөн дарек боюнча гана жүргүзүлүүгө тийиш. Лицензиат тарабынан иш жүргүзүү орду өзгөргөндө (башка жерге, башка объектке кетүү, көчүү) жаңы лицензия алганга чейин жаңы объектте фармацевтикалык ишти жүзөгө ашырууга тыюу салынат. Лицензиат тарабынан бир нече ажыратылган объекттерде медициналык буюмдарды дүңүнөн жана чекене сатуу жүргүзүлгөн учурда ар бир объектке өзүнчө лицензия берилет.
3. Фармацевтикалык ишти уюштурууга карага лицензиялык талаптар, анын ичинде тиешелүү материалдык-техникалык базанын болушу, персоналдын квалификациясы жана квалификациялуу персоналдын саны, ошондой эле лицензиялык контроль жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Лицензиясыз иш жүргүзүүчү субъекттер укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
Берененин тексти 03.11.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/230000344/st-13" title="13-берене - Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>