Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругуна)
Бекитилди Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын 2023-жылдын 18-декарындагы № 546 буйругу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты
IV бөлүм. Каттоо, маалымкат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой
эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүүнү тейлөөлөр
89. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн паспорту
1.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы
Диний уюмдарды эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин)
4-главасынын 103-пункту. 2.
Кызмат көрсөтүүнү берүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы
3.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
КР жашы жеткен жеке жактар, жарандар, чек өлкөлүк жарандар
4.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Ченемдик укуктук актылар -«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» КР Мыйзамы;
- 1996-жылдын 14-ноябрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын граждандарынын дин тутуу эркиндигине жана ага тыюу салбоого болгон укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин жарлыгы;
- 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген жобосу.
5.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү берүүнүн акыркы натыйжасы
Көрсөтүлгөн кызматтын натыйжасы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан тиешелүү күбөлүктү же эсептик каттоодон/кайра каттоодон баш тартуу жөнүндө уюштуруу документтерин кайтарып берүү жөнүндө катты алгандыгы жөнүндө кол койдуруу менен кагаз жүзүндө берилет.
6.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайты аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт (www.religion.gov.kg) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин берилет. Оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу техникалык үзгүлтүктөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтынын иштөө графиги туруктуу.
7.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күбөлүктү кароо жана берүү мөөнөтү 30 күндүн ичинде. Кошумча маалыматтар талап кылынган жана тиешелүү органдардан корутунду алынган учурда арызды кароо мөөнөтү дагы бир айлык мөөнөткө узартылат.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо
8.
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын имаратында;
- облустардагы аймактык өкүлчүлүктөрдө;
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (жеке байланышта телефон аркылуу);
- электрондук түрдө (www. religion.gov.kg.);
- мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтык тактасында жана сайтында (www. religion.gov.kg.)
9.
Кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же тизмелөө)
Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат массалык маалымат каражаттары, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтында (www. religion.gov.kg.) жана маалыматтык такталарында.
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10.
Келүүчүлөр менен баарлашуу
Кызматкерлер келгендер менен баарлашууда этиканы сакташат, сылык-сыпаа, ыймандуу, диний жактан сезимтал, сабырдуу болушат, көйгөйлүү маселелерди терең түшүнүүгө умтулушат жана жүйөлүү чечимдерди кабыл алышат.
11.
Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары
Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн
12.
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан иш-аракеттердин тизмеси
- эсептик каттоого жөнүндө арызды;
- диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, жашаган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмесин;
- төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставын;
- чогулуштун төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлган уюштуруу чогулушунун (конференциялардын, курултайлардын ж.б.) протоколу;
- динге ишенүүнүн негиздери тууралу жана ага шайкеш келүүчү тажрыйба, анын ичинде диндин келип чыгыш тарыхы тууралуу, анын ишинин формалары жана методдору жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө мамилеси жөнүндө, ушул динди жактоочулардын ден соолугуна жасалуучу мамиленин өзгөчөлүктөрү, жарандык укуктар жана милдеттерге байланыштуу уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн чектөөлөр тууралуу маалыматтар;
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы жөнүндө маалымат;
- тиешелүү аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) ырастоочу документ (өзүнүн менчик имарат-жайын сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, имарат-жайды акысыз берүү келишими, расмий кат, мамлекеттик акт, турак эмес жайга техникалык паспорт, имаратты пайдаланууга берүү актысы)
13.
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы
Акы төлөнөт. Кызматтын баасы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругу менен белгиленет. Кызматтын баасы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат.
14.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк.
15.
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Күбөлүктөрдү алууга арыз берүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтына арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. religion.gov.kg.). Арызды берүү үчүн электрондук кол тамга талап кылынбайт. Арыз ээлери алдын ала даярдалган форманы толтурушат, ошондой эле мыйзамда талап кылынган документтердин скан версияларын pdf, jpeg, jpg, png форматында аталган системага жүктөшөт. Арыз берүү формалары: Категория тандоо:
1. Диний уюмдар
2. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний уюмдардын миссиялары (өкүлчүлүктөрү)
3. Миссионерлер
4. Диний окуу жайы
Диний уюмду эсептик каттоо жүргүзүүдө төмөнкү графалар толтурулат:
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы (милдеттүү талаа, text);
- Э-дареги (милдеттүү талаа, text);
- телефон (милдеттүү талаа, text);
- түзүлүп жаткан диний уюмдун юридикалык дареги (милдеттүү талаа, облус/шаар/аймак, айыл, көчө, үйдүн номери text);
- эсептик каттоо жөнүндө арыз;
- диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилери болуп саналган жана уставдын алкагында мыйзам алдында жооптуу жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн тизмеси (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, жашаган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана ким тарабынан берилгендигин көрсөтүү менен) (милдеттүү талаа, file);
- төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставы (милдеттүү талаа, file);
- чогулуштун төрагасы жана катчысы кол койгон уюштуруу чогулушунун (конференциялардын, съезддердин ж. б.) протоколу (милдеттүү талаа, file);
- диний окуунун негиздери жана ага тиешелүү практика жөнүндө, анын ичинде диндин пайда болуу тарыхы жөнүндө, анын ишинин формалары жана усулдары жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө болгон мамилеси, ошол динди кармоочулардын ден соолугуна болгон мамилесинин өзгөчөлүктөрү, уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн жарандык укуктарга жана милдеттерге карата чектөөлөр (милдеттүү талаа, file);
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы жөнүндө маалымат (милдеттүү талаа, file);
- ошол аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) ырастоочу документ (жеке жайга сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, жайды акысыз берүү келишими, мамлекеттик акт, турак эмес жайга техникалык паспорт, имаратты пайдаланууга берүү актысы) (милдеттүү талаа, file).
- «Мындан ары» баскычын баскандан кийин тиркелген документтердин тизмеси менен арыз түзүлөт, андан ары арыз ээси «ырастоо» баскычын басат жана арызды иштеп чыгууга туура келет.
Эгерде арыз ээси арызды өзгөртүүнү кааласа, анда «жокко чыгаруу» баскычын басканда кайра арыз формасынын барагына кайтарылат. Арызды тариздөө процессинен кийин, арыздан кароо үчүн базага кирет (арыз ээси электрондук почтага өтүнмөнүн ийгиликтүү тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүүнү, ошондой эле арыздын статусун көзөмөлдөө үчүн арыздын номерин алат). Андан ары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери арыздарды карашат, анын жыйынтыгы боюнча:
1. Оң корутунду болгон учурда диний ишти ишке ашыруу үчүн белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Эсептик каттоо жүргүзүүдө эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет жана система күбөлүктү басып чыгаруу үчүн басма формасын (тексттин редакциялануучу шаблонун) даярдайт. Мындан тышкары, QR код менен күбөлүк Диний уюмдардын реестринде катталганын камсыз кылат.
2. Эсептик каттоодон баш тартылган учурда эсептик каттоодон/кайра каттоодон баш тартуунун негизин көрсөтүү менен кат берилет.
3. Эсептик каттоодо/кайра каттоодо уюштуруу документтерин карабастан кайтарылып берген учурда, уюштуруу документтерин толуктап иштеп чыгуу жана кайра киргизүү үчүн уюштуруу документтерин карабастан кайтарып берүү жөнүндө кат берилет.
Баш тартуу каты же кайтаруу жөнүндө каттын жообун алган учурда, арыз ээси тиешелүү кат менен электрондук билдирүү алат.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби
16.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Баш тартуунун негиздери:
- эгер диний уюмдардын иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбесе;
- мамлекеттик коопсуздукка, социалдык туруктуулукка, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка, коомдук тартипке, калктын саламаттыгына жана адеп-ахлагына коркунуч келтирсе.
Эсептик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдин себептерин көрсөтүү менен таризделет жана жазуу жүзүндө берилет.
17.
Даттануунун тартиби
Кызмат көрсөтүүлөр боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, ошондой эле даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте ишке ашырылат. (Административдик жана соттук тартипте)
18
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен кайра каралып турат
90. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Чет өлкөлүк диний уюмдардын миссияларын эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин(тизмесинин) 4-главасынын 104-пункту
2
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
КР жарандары, чет өлкөлүк жарандар, чет өлкөлүк диний уюмдар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Ченемдик укуктук актылар -«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» КР Мыйзамы;
- 1996-жылдын 14-ноябрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын граждандарынын дин тутуу эркиндигине жана ага тыюу салбоого болгон укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин жарлыгы;
- 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген жобосу.
5
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы
Көрсөтүлгөн кызматтын натыйжасы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан тиешелүү күбөлүктүн же каттын алгандыгын тастыктаган кол тамганын негизинде кагаз түрүндө берилет.
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайты аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт (www.religion.gov.kg) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин берилет. Оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу техникалык үзгүлтүктөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтынын иштөө графиги туруктуу.
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күбөлүктү кароо жана берүү мөөнөтү 30 күндүн ичинде. Кошумча маалыматтар талап кылынган жана тиешелүү органдардан корутунду алынган учурда арызды кароо мөөнөтү дагы бир айлык мөөнөткө узартылат.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын имаратында;
- облустардагы аймактык өкүлчүлүктөрдө;
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (жеке байланышта телефон аркылуу);
- электрондук түрдө (www. religion.gov.kg.);
- мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтык тактасында жана сайтында (www. religion.gov.kg.)
9
Кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же тизмелөө)
Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат массалык маалымат каражаттары, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтында (www. religion.gov.kg.) жана маалыматтык такталарында.
3. Тейлөө жана мамлекет кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен баарлашуу
Кызматкерлер келгендер менен баарлашууда этиканы сакташат, сылык-сыпаа, ыймандуу, диний жактан сезимтал, сабырдуу болушат, көйгөйлүү маселелерди терең түшүнүүгө умтулушат жана жүйөлүү чечимдерди кабыл алышат.
11
Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары
Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеси
- Арызга миссияны каттоо жөнүндө төрт нускадагы (мамлекеттик жана расмий тилдердеги) төмөндөгүдөй уюштуруу документтери тиркелет:
1) Миссиянын жобосунда төмөндөгүдөй маалыматтар камтылышы керек:
- миссиянын негизги максаттары жана милдеттери;
- жайгашкан жери жана анын ишинин болжонгон аймактык чек аралары;
- башкаруунун түзүмү жана жетекчиликтин ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү:
- каржылоо булактары жана мүлктүк мамилелери;
- миссияны жабуу тартиби;
2) миссиянын кызматчылары жөнүндө маалымат (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, жарандыгы, туруктуу жашаган жеринин дареги жана Кыргыз Республикасындагы жашаган дареги, билими, мурда иштеген жери);
3) мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык түрдө ырасталган котормосу менен чет өлкө борборунун уставынын көчүрмөсү;
4) диний борбор өз өлкөсүнүн мыйзамдары боюнча юридикалык жак экендигин күбөлөндүргөн, мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу нотариалдык түрдө ырасталган реестрдин көчүрмөсүн же башка документти;
5) чет өлкөлүк диний уюмдун миссиясы жайгашкан жерди ырастаган документ;
6) миссиянын өкүлүнө (ишенимдүү адамына) нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүп берилген ишеним кат;
7) миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы
Акы төлөнөт. Кызматтын баасы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругу менен белгиленет. Кызматтын баасы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат.
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк.
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Күбөлүктөрдү алууга арыз берүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтына арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. religion.gov.kg.). Арызды берүү үчүн электрондук кол тамга талап кылынбайт. Арыз ээлери алдын ала даярдалган форманы толтурушат, ошондой эле мыйзамда талап кылынган документтердин скан версияларын pdf, jpeg, jpg, png форматында аталган системага жүктөшөт. Арыз берүү формалары: Категория тандоо:
1. Диний уюмдар
2. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний уюмдардын миссиялары (өкүлчүлүктөрү)
3. Миссионерлер
4. Диний окуу жайы
Диний уюмду эсептик каттоо жүргүзүүдө төмөнкү графалар толтурулат:
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы (милдеттүү талаа, text);
- Э-дареги (милдеттүү талаа, text);
- телефон (милдеттүү талаа, text);
- түзүлүп жаткан диний уюмдун юридикалык дареги (милдеттүү талаа, облус/шаар/аймак, айыл, көчө, үйдүн номери text);
- эсептик каттоо жөнүндө арыз;
- диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилери болуп саналган жана уставдын алкагында мыйзам алдында жооптуу жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн тизмеси (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, жашаган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана ким тарабынан берилгендигин көрсөтүү менен) (милдеттүү талаа, file);
- төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставы (милдеттүү талаа, file);
- чогулуштун төрагасы жана катчысы кол койгон уюштуруу чогулушунун (конференциялардын, съезддердин ж. б.) протоколу (милдеттүү талаа, file);
- диний окуунун негиздери жана ага тиешелүү практика жөнүндө, анын ичинде диндин пайда болуу тарыхы жөнүндө, анын ишинин формалары жана усулдары жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө болгон мамилеси, ошол динди кармоочулардын ден соолугуна болгон мамилесинин өзгөчөлүктөрү, уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн жарандык укуктарга жана милдеттерге карата чектөөлөр (милдеттүү талаа, file);
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы жөнүндө маалымат (милдеттүү талаа, file);
- ошол аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) ырастоочу документ (жеке жайга сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, жайды акысыз берүү келишими, мамлекеттик акт, турак эмес жайга техникалык паспорт, имаратты пайдаланууга берүү актысы) (милдеттүү талаа, file).
- «Мындан ары» баскычын баскандан кийин тиркелген документтердин тизмеси менен арыз түзүлөт, андан ары арыз ээси «ырастоо» баскычын басат жана арызды иштеп чыгууга туура келет.
Эгерде арыз ээси арызды өзгөртүүнү кааласа, анда «жокко чыгаруу» баскычын басканда кайра арыз формасынын барагына кайтарылат. Арызды тариздөө процессинен кийин, арыздан кароо үчүн базага кирет (арыз ээси электрондук почтага өтүнмөнүн ийгиликтүү тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүүнү, ошондой эле арыздын статусун көзөмөлдөө үчүн арыздын номерин алат). Андан ары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери арыздарды карашат, анын жыйынтыгы боюнча:
1. Оң корутунду болгон учурда диний ишти ишке ашыруу үчүн белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Эсептик каттоо жүргүзүүдө эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет жана система күбөлүктү басып чыгаруу үчүн басма формасын (тексттин редакциялануучу шаблонун) даярдайт. Мындан тышкары, QR код менен күбөлүк Диний уюмдардын реестринде катталганын камсыз кылат.
2. Эсептик каттоодон баш тартылган учурда эсептик каттоодон/кайра каттоодон баш тартуунун негизин көрсөтүү менен кат берилет.
3. Эсептик каттоодо/кайра каттоодо уюштуруу документтерин карабастан кайтарылып берген учурда, уюштуруу документтерин толуктап иштеп чыгуу жана кайра киргизүү үчүн уюштуруу документтерин карабастан кайтарып берүү жөнүндө кат берилет.
Баш тартуу каты же кайтаруу жөнүндө каттын жообун алган учурда, арыз ээси тиешелүү кат менен электрондук билдирүү алат.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Каттоодон (кайра каттоодон) баш тартылышы мүмкүн:
- эгерде Кыргыз Республикасында миссияны ачуу жөнүндө өтүнүч берген жогору турган чет өлкөлүк диний уюмдун максаттары жана иши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына карама-каршы келсе;
- эгерде берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе же анык эмес маалыматтарды камтыса;
- эгерде анын иши мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка, калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
Эсептик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда арыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарланат.
17
Даттануунун тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда, ошондой эле даттанууларды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (Административдик жана соттук тартипте)
18
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен кайра каралып турат
91. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Кыргыз Республикасына диний иш жүргүзүү максатында келген чет өлкөлүк жарандарды (миссионерлерди) эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин)4-главасынын 105-пункту
2
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы
3
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар
Чет өлкөлүк жарандар, чет өлкөлүк диний уюмдар, Кыргыз Республикасындагы диний уюмдар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Ченемдик укуктук актылар -«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» КР Мыйзамы;
- 1996-жылдын 14-ноябрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын граждандарынын дин тутуу эркиндигине жана ага тыюу салбоого болгон укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин жарлыгы;
- 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген жобосу.
5
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы
Көрсөтүлгөн кызматтын натыйжасы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан тиешелүү күбөлүктүн же каттын алгандыгын тастыктаган кол тамганын негизинде кагаз түрүндө берилет.
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайты аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт (www.religion.gov.kg) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин берилет. Оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу техникалык үзгүлтүктөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтынын иштөө графиги туруктуу.
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күбөлүктү кароо жана берүү мөөнөтү 30 күндүн ичинде. Кошумча маалыматтар талап кылынган жана тиешелүү органдардан корутунду алынган учурда арызды кароо мөөнөтү дагы бир айлык мөөнөткө узартылат.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын имаратында;
- облустардагы аймактык өкүлчүлүктөрдө;
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (жеке байланышта телефон аркылуу);
- электрондук түрдө (www. religion.gov.kg.);
- мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтык тактасында жана сайтында (www. religion.gov.kg.)
9
Кызмат көрсөтүү жөнүндө маалыматты жайылтуу жолдору (мүмкүн болгон бардык жолдорду мүнөздөө же тизмелөө)
Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат массалык маалымат каражаттары, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтында (www. religion.gov.kg.) жана маалыматтык такталарында.
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен баарлашуу
Кызматкерлер келгендер менен баарлашууда этиканы сакташат, сылык-сыпаа, ыймандуу, диний жактан сезимтал, сабырдуу болушат, көйгөйлүү маселелерди терең түшүнүүгө умтулушат жана жүйөлүү чечимдерди кабыл алышат.
11
Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары
Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеси
Миссионер эсептик каттоодон өтүү үчүн аны тиркөө менен арыз берет:
1) анкета;
2) кирүү-чыгуу визалары жол-жоболоштурулган паспорттун көчүрмөсү;
3) миссионердин Кыргыз Республикасынын аймагында болуу мөөнөтү көрсөтүлгөн, мамлекеттик же расмий тилге котормосу нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн жогору турган уюмдун жолдомосу;
4) Кыргызстанга миссионерди чакырышкан, диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында миссионердин иш-аракети үчүн мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси.
5) катталган диний уюмдун чакыруусу.
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Акы төлөнөт. Кызматтын баасы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругу менен белгиленет. Кызматтын баасы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат.
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча кызмат көрсөтүүнү алган адамдарга карата басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк.
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Күбөлүктөрдү алууга арыз берүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтына арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. religion.gov.kg.). Арызды берүү үчүн электрондук кол тамга талап кылынбайт. Арыз ээлери алдын ала даярдалган форманы толтурушат, ошондой эле мыйзамда талап кылынган документтердин скан версияларын pdf, jpeg, jpg, png форматында аталган системага жүктөшөт. Арыз берүү формалары: Категория тандоо:
1. Диний уюмдар
2. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний уюмдардын миссиялары (өкүлчүлүктөрү)
3. Миссионерлер
4. Диний окуу жайы
Диний уюмду эсептик каттоо жүргүзүүдө төмөнкү графалар толтурулат:
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы (милдеттүү талаа, text);
- Э-дареги (милдеттүү талаа, text);
- телефон (милдеттүү талаа, text);
- түзүлүп жаткан диний уюмдун юридикалык дареги (милдеттүү талаа, облус/шаар/аймак, айыл, көчө, үйдүн номери text);
- эсептик каттоо жөнүндө арыз;
- диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилери болуп саналган жана уставдын алкагында мыйзам алдында жооптуу жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн тизмеси (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, жашаган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана ким тарабынан берилгендигин көрсөтүү менен) (милдеттүү талаа, file);
- төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставы (милдеттүү талаа, file);
- чогулуштун төрагасы жана катчысы кол койгон уюштуруу чогулушунун (конференциялардын, съезддердин ж. б.) протоколу (милдеттүү талаа, file);
- диний окуунун негиздери жана ага тиешелүү практика жөнүндө, анын ичинде диндин пайда болуу тарыхы жөнүндө, анын ишинин формалары жана усулдары жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө болгон мамилеси, ошол динди кармоочулардын ден соолугуна болгон мамилесинин өзгөчөлүктөрү, уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн жарандык укуктарга жана милдеттерге карата чектөөлөр (милдеттүү талаа, file);
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы жөнүндө маалымат (милдеттүү талаа, file);
- ошол аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) ырастоочу документ (жеке жайга сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, жайды акысыз берүү келишими, мамлекеттик акт, турак эмес жайга техникалык паспорт, имаратты пайдаланууга берүү актысы) (милдеттүү талаа, file).
- «Мындан ары» баскычын баскандан кийин тиркелген документтердин тизмеси менен арыз түзүлөт, андан ары арыз ээси «ырастоо» баскычын басат жана арызды иштеп чыгууга туура келет.
Эгерде арыз ээси арызды өзгөртүүнү кааласа, анда «жокко чыгаруу» баскычын басканда кайра арыз формасынын барагына кайтарылат. Арызды тариздөө процессинен кийин, арыздан кароо үчүн базага кирет (арыз ээси электрондук почтага өтүнмөнүн ийгиликтүү тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүүнү, ошондой эле арыздын статусун көзөмөлдөө үчүн арыздын номерин алат). Андан ары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери арыздарды карашат, анын жыйынтыгы боюнча:
1. Оң корутунду болгон учурда диний ишти ишке ашыруу үчүн белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Эсептик каттоо жүргүзүүдө эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет жана система күбөлүктү басып чыгаруу үчүн басма формасын (тексттин редакциялануучу шаблонун) даярдайт. Мындан тышкары, QR код менен күбөлүк Диний уюмдардын реестринде катталганын камсыз кылат.
2. Эсептик каттоодон баш тартылган учурда эсептик каттоодон/кайра каттоодон баш тартуунун негизин көрсөтүү менен кат берилет.
3. Эсептик каттоодо/кайра каттоодо уюштуруу документтерин карабастан кайтарылып берген учурда, уюштуруу документтерин толуктап иштеп чыгуу жана кайра киргизүү үчүн уюштуруу документтерин карабастан кайтарып берүү жөнүндө кат берилет.
Баш тартуу каты же кайтаруу жөнүндө каттын жообун алган учурда, арыз ээси тиешелүү кат менен электрондук билдирүү алат.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Эгерде анын иши коомдук коопсуздукка жана тартипке, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка, калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына коркунуч туудурса, миссионерди эсептик каттоодон баш тартылышы мүмкүн.
Эсептик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда арыз ээсине баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен бул тууралуу жазуу жүзүндө кабарланат.
17
Даттануунун тартиби
Кызмат көрсөтүү боюнча талаш маселелер келип чыккан учурда, ошондой эле даттанууларды жана доолорду кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (Административдик жана соттук тартипте)
18
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын кайра кароонун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен кайра каралып турат
92. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Диний окуу жайларды эсептик каттоо/кайра каттоо жөнүндө күбөлүктөрдү берүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 106-пункту
2
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия
3
Мамлекеттик кызмат алуучулар
Диний уюмдар
4
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негиздери
Ченемдик укуктук актылар -«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» КР Мыйзамы;
- 1996-жылдын 14-ноябрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын граждандарынын дин тутуу эркиндигине жана ага тыюу салбоого болгон укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин жарлыгы;
- 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген жобосу.
5
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы
Көрсөтүлгөн кызматтын натыйжасы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан тиешелүү күбөлүктүн же каттын алгандыгын тастыктаган кол тамганын негизинде кагаз түрүндө берилет.
6
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайты аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт (www.religion.gov.kg) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин берилет. Оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу техникалык үзгүлтүктөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтынын иштөө графиги туруктуу.
7
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күбөлүктү кароо жана берүү мөөнөтү 30 күндүн ичинде. Кошумча маалыматтар талап кылынган жана тиешелүү органдардан корутунду алынган учурда арызды кароо мөөнөтү дагы бир айлык мөөнөткө узартылат.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо
8
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын имаратында;
- облустардагы аймактык өкүлчүлүктөрдө;
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (жеке байланышта телефон аркылуу);
- электрондук түрдө (www. religion.gov.kg.);
- мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтык тактасында жана сайтында (www. religion.gov.kg.)
9
Кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же тизмелөө)
Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат массалык маалымат каражаттары, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтында (www. religion.gov.kg.) жана маалыматтык такталарында.
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10
Келүүчүлөр менен баарлашуу
Кызматкерлер келгендер менен баарлашууда этиканы сакташат, сылык-сыпаа, ыймандуу, диний жактан сезимтал, сабырдуу болушат, көйгөйлүү маселелерди терең түшүнүүгө умтулушат жана жүйөлүү чечимдерди кабыл алышат.
11
Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары
Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн
12
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан иш-аракеттердин тизмеси
Диний окуу жайды эсептик каттоого алуу үчүн уюштуруучу төмөнкүлөрдү берет: диний окуу жайдын уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген, мамлекеттик жана расмий тилдерде төрт нускада түзүлгөн уставы;
- уюштуруу чогулушунун протоколу, диний окуу жайды түзүү жөнүндө чечим же буйрук (уюштуруу келишими);
- диний окуу жайын уюштуруунун демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкер жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмеси;
- уюштуруучунун (уюштуруучулардын) уставынын, диний уюм катары мамлекеттик каттоого алуу тууралу күбөлүгүнүн нотариалдык ырасталган көчүрмөлөрү;
- уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан бекитилген окутуу программасы, окутуучулар курамынын сапаттык көрсөткүчү;
-тийиштүү кызматтар (санитардык-эпидемиологиялык, өрттөн сактануу) берген маалымкат-корутунду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы диний окуу жайга өзүнүн иш-аракетин жүзөгө ашыруу үчүн берген уруксат;
- финансылык ресурстарынын бар экендиги жөнүндө ырастоо;
- мамлекеттик акт, турак эмес жайга техникалык паспорт, пайдаланууга берүү актысы.
13
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы
Акы төлөнөт. Кызматтын баасы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругу менен белгиленет. Кызматтын баасы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат.
14
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк.
15
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Күбөлүктөрдү алууга арыз берүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтына арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт. religion.gov.kg.). Арызды берүү үчүн электрондук кол тамга талап кылынбайт. Арыз ээлери алдын ала даярдалган форманы толтурушат, ошондой эле мыйзамда талап кылынган документтердин скан версияларын pdf, jpeg, jpg, png форматында аталган системага жүктөшөт. Арыз берүү формалары: Категория тандоо:
1. Диний уюмдар
2. Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний уюмдардын миссиялары (өкүлчүлүктөрү)
3. Миссионерлер
4. Диний окуу жайы
Диний уюмду эсептик каттоо жүргүзүүдө төмөнкү графалар толтурулат:
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы (милдеттүү талаа, text);
- Э-дареги (милдеттүү талаа, text);
- телефон (милдеттүү талаа, text);
- түзүлүп жаткан диний уюмдун юридикалык дареги (милдеттүү талаа, облус/шаар/аймак, айыл, көчө, үйдүн номери text);
- эсептик каттоо жөнүндө арыз;
- диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилери болуп саналган жана уставдын алкагында мыйзам алдында жооптуу жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн тизмеси (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, жашаган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана ким тарабынан берилгендигин көрсөтүү менен) (милдеттүү талаа, file);
- төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставы (милдеттүү талаа, file);
- чогулуштун төрагасы жана катчысы кол койгон уюштуруу чогулушунун (конференциялардын, съезддердин ж. б.) протоколу (милдеттүү талаа, file);
- диний окуунун негиздери жана ага тиешелүү практика жөнүндө, анын ичинде диндин пайда болуу тарыхы жөнүндө, анын ишинин формалары жана усулдары жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө болгон мамилеси, ошол динди кармоочулардын ден соолугуна болгон мамилесинин өзгөчөлүктөрү, уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн жарандык укуктарга жана милдеттерге карата чектөөлөр (милдеттүү талаа, file);
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы жөнүндө маалымат (милдеттүү талаа, file);
- ошол аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) ырастоочу документ (жеке жайга сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, жайды акысыз берүү келишими, мамлекеттик акт, турак эмес жайга техникалык паспорт, имаратты пайдаланууга берүү актысы) (милдеттүү талаа, file).
- «Мындан ары» баскычын баскандан кийин тиркелген документтердин тизмеси менен арыз түзүлөт, андан ары арыз ээси «ырастоо» баскычын басат жана арызды иштеп чыгууга туура келет.
Эгерде арыз ээси арызды өзгөртүүнү кааласа, анда «жокко чыгаруу» баскычын басканда кайра арыз формасынын барагына кайтарылат. Арызды тариздөө процессинен кийин, арыздан кароо үчүн базага кирет (арыз ээси электрондук почтага өтүнмөнүн ийгиликтүү тапшырылгандыгы жөнүндө билдирүүнү, ошондой эле арыздын статусун көзөмөлдөө үчүн арыздын номерин алат). Андан ары Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери арыздарды карашат, анын жыйынтыгы боюнча:
1. Оң корутунду болгон учурда диний ишти ишке ашыруу үчүн белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
Эсептик каттоо жүргүзүүдө эсептик каттоо жөнүндө күбөлүк берилет жана система күбөлүктү басып чыгаруу үчүн басма формасын (тексттин редакциялануучу шаблонун) даярдайт. Мындан тышкары, QR код менен күбөлүк Диний уюмдардын реестринде катталганын камсыз кылат.
2. Эсептик каттоодон баш тартылган учурда эсептик каттоодон/кайра каттоодон баш тартуунун негизин көрсөтүү менен кат берилет.
3. Эсептик каттоодо/кайра каттоодо уюштуруу документтерин карабастан кайтарылып берген учурда, уюштуруу документтерин толуктап иштеп чыгуу жана кайра киргизүү үчүн уюштуруу документтерин карабастан кайтарып берүү жөнүндө кат берилет.
Баш тартуу каты же кайтаруу жөнүндө каттын жообун алган учурда, арыз ээси тиешелүү кат менен электрондук билдирүү алат.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби
16
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
Эгерде окуу шарттары, окуу программалары жана окуу деңгээли белгиленген талаптарга жооп бербесе же диний окуу жайга эсептик каттоого алуудан баш тартылышы мүмкүн же болбосо окутуунун багыты мамлекеттик жана коомдук коопсуздукка, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымакка, калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына коркунуч туудурат. Эсептик каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим жүйөлөштүрүлүшү керек жана уюштуруучуларга жазуу жүзүндө берилет.
17
Даттануунун тартиби
Кызмат көрсөтүүлөр боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, ошондой эле даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (Административдик жана соттук тартипте)
18
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен кайра каралып турат
93. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1.
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Кыргыз Республикасына диний иш жүргүзүү максатында келген диний уюмдарды, диний окуу жайларды, чет өлкөлүк диний уюмдардын жана чет өлкөлүк жарандардын (миссионерлердин) миссияларын эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн дубликатын берүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 107-пункту
2.
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия
3.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Диний уюмдар, чет өлкөлүк жарандар, чет өлкөлүк диний уюмдар, диний окуу жайлар
4.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Ченемдик укуктук актылар -«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» КР Мыйзамы;
- 1996-жылдын 14-ноябрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын граждандарынын дин тутуу эркиндигине жана ага тыюу салбоого болгон укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин жарлыгы;
- 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген жобосу.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин -2023-жылдын 31-мартындагы №178 «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө» жобо
5.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы
Көрсөтүлгөн кызматтын натыйжасы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан тиешелүү күбөлүктүн көчүрмөсү же каттын алгандыгын тастыктаган кол тамганын негизинде кагаз түрүндө берилет.
6.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайты аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт (www.religion.gov.kg) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин берилет. Оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу техникалык үзгүлтүктөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтынын иштөө графиги туруктуу.
7.
Кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Күбөлүктү кароо жана дубликатын берүү мөөнөтү 3 жумушчу күндүн ичинде болот.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо
8.
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын имаратында;
- облустардагы аймактык өкүлчүлүктөрдө;
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (жеке байланышта телефон аркылуу);
- электрондук түрдө (www. religion.gov.kg.);
- мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтык тактасында жана сайтында (www. religion.gov.kg.)
9.
Кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу жолдору (мүмкүн болгон бардык жолдорду мүнөздөө же тизмелөө)
Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат массалык маалымат каражаттары, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтында (www. religion.gov.kg.) жана маалыматтык такталарында.
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10.
Келүүчүлөр менен баарлашуу
Кызматкерлер келгендер менен баарлашууда этиканы сакташат, сылык-сыпаа, ыймандуу, диний жактан сезимтал, сабырдуу болушат, көйгөйлүү маселелерди терең түшүнүүгө умтулушат жана жүйөлүү чечимдерди кабыл алышат.
11.
Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары
Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн
12.
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн аракеттеринин тизмеси
- эсептик каттоо жөнүндө күбөлүктүн жоголгондугу тууралуу арыз;
13.
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Акы төлөнөт. Кызматтын баасы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругу менен белгиленет. Кызматтын баасы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат.
14.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө;
- жеткиликтүүлүк.
15.
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Дубликат онлайн форматта гана берилет.
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби
16.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын диний уюмдарынын маалымат базасында арыз боюнча маалыматтар жок болгон учурда;
- Ыйгарым укук берилбеген жеке же юридикалык жак кайрылган учурда.
17.
Даттануунун тартиби
Кызмат көрсөтүүлөр боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, ошондой эле даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (Административдик жана соттук тартипте)
18
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен кайра каралып турат
94. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту
1.
Кызмат көрсөтүүнүн аталышы
Дин таануу экспертизасына корутунду берүү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 4-главасынын 108-пункту
2.
Кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы
КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия
3.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар
Диний уюмдар
4.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
Ченемдик укуктук актылар -«Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» КР Мыйзамы;
- 1996-жылдын 14-ноябрындагы № 319 «Кыргыз Республикасынын граждандарынын дин тутуу эркиндигине жана ага тыюу салбоого болгон укуктарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» КР Президентинин жарлыгы;
- 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген жобосу.
5.
Кызмат көрсөтүүнүн акыркы жыйынтыгы
Көрсөтүлгөн кызматтын натыйжасы Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан тиешелүү каттын алгандыгын тастыктаган кол тамганын негизинде кагаз түрүндө берилет.
6.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары
Керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайты аркылуу электрондук форматта жүргүзүлөт (www.religion.gov.kg) Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 9.00дөн 18.00гө чейин берилет. Оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу техникалык үзгүлтүктөрдү кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтынын иштөө графиги туруктуу.
7.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү
Кароо мөөнөтү 30 календардык күндүн ичинде диний материалдын көлөмүнө жана мазмунуна жараша диний материалдар каралат.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучуларга маалымдоо
8.
Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтар (керектүү маалыматтын тизмеси) жана аларды стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жөнүндө маалымдоо
Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты алууга болот:
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын имаратында;
- облустардагы аймактык өкүлчүлүктөрдө;
- жазуу жүзүндө;
- оозеки түрүндө (жеке байланышта телефон аркылуу);
- электрондук түрдө (www. religion.gov.kg.);
- мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтык тактасында жана сайтында (www. religion.gov.kg.)
9.
Кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (мүмкүн болгон бардык ыкмаларды мүнөздөө же тизмелөө)
Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматты жайылтуу төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат массалык маалымат каражаттары, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын сайтында (www. religion.gov.kg.) жана маалыматтык такталарында.
3. Тейлөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү
10.
Келүүчүлөр менен баарлашуу
Кызматкерлер келгендер менен баарлашууда этиканы сакташат, сылык-сыпаа, ыймандуу, диний жактан сезимтал, сабырдуу болушат, көйгөйлүү маселелерди терең түшүнүүгө умтулушат жана жүйөлүү чечимдерди кабыл алышат.
11.
Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары
Алуучу жана ага көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилиши мүмкүн
12.
Керектүү документтердин жана/же мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөр тарабынан иш-аракеттердин тизмеси
- дин таануу экспертизасын жүргүзүү жөнүндө билдирүү;
- экспертизадан өткөрүлө турган диний материалдар.
13.
Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн наркы
Акы төлөнөт. Кызматтын баасы монополияга каршы саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын буйругу менен белгиленет. Кызматтын баасы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын расмий сайтында жана маалымат такталарында жайгаштырылат.
14.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатынын параметрлери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер менен аныкталат:
- кызмат көрсөтүүнүн стандартында билдирилген кызмат көрсөтүүнүн шарттарына жана мөөнөттөрүнө ылайык толуктугу жана өз убагында болушу;
- жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыктыгы, туткан дини, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоого жол бербөө.
15.
Электрондук форматта кызмат көрсөтүү
Каралган эмес
4. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануунун тартиби
16.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясында катталбаган диний багыттагы уюмдардан арыз берилген учурда;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын компетенциясына кирбеген материалдар;
- диний эмес багыттагы материалдар (араб тилинин тарыхы жана грамматикасы ж. б.);
- арыз берген диний уюмдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу сот иши козголду.
17.
Даттануунун тартиби
Кызмат көрсөтүүлөр боюнча талаш маселелер пайда болгон учурда, ошондой эле даттанууларды жана дооматтарды кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат. (Административдик жана соттук тартипте)
18
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра карап чыгуунун мезгилдүүлүгү
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия 3 жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен кайра каралып турат
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (7)
- Указ Президента КР от 14 ноября 1996 года N УП-319 "О мерах по реализации прав граждан Кыргызской Республики на свободу совести и вероисповедания"Указ · 14.11.1996 · № 319
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө"" ЖарлыгыУказ · 23.03.2012 · № 71 · Күчүн жоготкон
- Дин тутуу эркиндиги жана дин уюмдары жөнүндөЗакон · 16.12.1991 · № 656-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик…Постановление · 10.02.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178…Положение · 31.03.2023 · № 178 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Күчүн жоготкон